Орусиялык туристтердин Чымбулукка кызыгуусу өстү

Орусиялык туристтердин Чымбулукка кызыгуусу өстү

Чымбулак тоо лыжа курорту орусиялыктарга абдан белгилүү. Казакстандык эс алуу аймагын тандаган Орусия жарандарынын саны акыркы кезде жигердүү түрдө өскөн. Буга эки өлкөнүн туристтик тармактын жетекчилеринин арасында кол койгон келишими өз таасирин тийгизгени анык. Ушул келишимдин алкагында Сочиде Чымбулак күндөрү өттү. Максат – курорттун белгилүүлүгүн жогорулатуу, тоо туризми менен жигердүү эс алууну жана саламаттуу өмүр салттын даңазалоо. Уюштуруучулар ушундай иш-чаралар эки тараптын ортосунда туристтердин агымын жогорулатууга таасир берет деп ишенишет.

ЕРЖАН ЕРКИНБАЕВ, «ШЫМБУЛАК» СОНАТОРИЙИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биз бирдей курал-жабдыкты пайдаланып жүрөбүз, бул кар тыгыздай турган жана тоого көтөрө турган техника. Бириксек, ушул техниканы жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрүбүз эффективдүү болот. Б2Б (би ту би) форматында бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул негизинен туроператорлордун ортосундагы сүйлөшүүлөр. Турпакеттерди даярдоо тууралуу ойлорубуз да бар.

АРКАДИЙ МАРКОВ, «РОЗА ХУТОР» СОНАТОРИЙИНИН ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

-Бул атайын сунуш, башкача айтканда  «Роза Хутор» санаторийинде скипасс сатып алып, «Чымбулак» тоо-лыжа санаторийинде акысыз лыжа тебүүгө болот. Бул программалардын бардыгы Казакстандан Орусияга, аны менен катар кайра артка кайткан багытта да туристтерди тартууну, санаторийлердин белгилүүлүгүн арттыруу, тоо туризмин өнүктүрүүнү көздөп жатабыз.

Эки санаторийге бирдиктүү электрондук уруксат документ түзүүнү лыжачылар менен  сноубордистер да кызуу колдоп жатат. Бул долбоорду кийинки кышкы мезгилде ишке ашыруу мерчемделген.

АЛЕКСЕЙ ДЕМЕНТЕЕНКО, ТУРИСТ:

- Онлайнда «Роза Хуторга» мезгилдик скипасс сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Аны менен катар ошол скипасс аркылуу Чымбулакта лыжа тебүү керемет болор эле. Чымбулактагы кардын сапаты алгылыктуу жогору.

Тоо лыжа курортунда орусиялыктар үчүн казак стилинде тааныштыруу иш-чарасы уюштурулду. Конокторго арналып боз үй тигилип, улуттук каада – салттар көрсөтүлдү. Келген меймандар казы менен кымыздан даам сызышып, Чымбулак санаторийине виртуалдык саякат жасашты.

СЕРГЕЙ АНДРЕЕВ, ТУРИСТ:

-Бул жерде трассалар тар болсо, Чымбулакта лыжа тепкенде өзүңдү учкандай сезесиң. Өтө кең, бүткүл дүйнө бутуңдун алдында жаткандай сезилет.

АЛЕКСЕЙ ОЛЕЙНИКОВ, ТУРИСТ:

- Сиздерде абдан кызыктуу экен, албетте барабыз. Бугу айында барабыз буйурса.

2018-жылы Казакстанга 1 миллион 700 миң орусиялык турист келген. Бул өткөн жыл менен салыштырганда, 2 пайызга көп.

Фото:  prosports .kz