Казакстандык окумуштуулардын ойлоп табуулары эл аралык деңгээлге чыкты

Казакстандык окумуштуулардын ойлоп табуулары эл аралык деңгээлге чыкты

Казакстандык окумуштуулардын ойлоп табуулары эл аралык деңгээлге чыкты. БУУ Назарбаев университетинин окумуштуулары ойлоп тапкан жаңылыкты ТОП-20 иновациялык чечимдердин тизмесине киргизди. Изилдөөчүлөр инсульт алган бейтаптын айыгуусуна жардам бере турган колдун экзоскелетин кураштырышты. Жасалма мүчө ой менен башкарылат. Бул система оорудан тезирээк айыгып кетүүгө арналган дешет долбоордун авторлору. 

БЕЙБИТ АБДИКЕНОВ, ДОЛБООР АВТОРЛОРУНУН БИРИ, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ДОКТОРАНТЫ:

- Эгерде дүйнөлүк рынок тууралуу айта турган болсок, жакында БУУ менен ЮНИСЕФ уюштурган эл аралык көргөзмөгө катышып кайттык. Анын алкагында дүйнөнүн 86 долбоорунун ичинен 20 долбоору тандалып алынды. Биз ал жерде өз демилгебизди тааныштырдык. Аларга жакты. Азыр ЮНИСЕФ жана биздин саламатыкты сактоо министрлиги менен тыгыз иштеп жатабыз. Алар бизге ар тараптан колдоо көрсөтүп жатат. Ушул өнөктөштүк аркылуу биз чет өлкөлүк рынокторго чыгууну мерчемдеп жатабыз.

Атайын алгоритмдик системасы бар демилге толук ата мекендик окумуштуулардын ойлоп табуусу катары саналат. Долбоор инклюзивтик иновацияларды колдоо программасы боюнча Дүйнөлүк банктын грантын утуп алганын белгилей кетүү керек. Эми окумуштуулар ойлоп табууларын патенттеп, өлкөнүн медициналык уюмдарына киргизүүнү көздөп жатат.

БЕЙБИТ АБДИКЕНОВ, ДОЛБООР АВТОРЛОРУНУН БИРИ, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ДОКТОРАНТЫ:

- Казакстан үчүн биздин ойлоп табуубуз чет өлкөлүк альтернативалык түрлөрүнө караганда жети, сегиз эсеге чейин арзан болот. Аны эки жыл бою ишке ашырабыз. Азыр биз экинчи үлгүсүн жасап чыгардык, жылдын аягына чейин үчүнчүсү да болот. Кийинки жылы сертификациядан өтүп, каттатып, патент алуу мерчемде бар.

Эскерте кетсек, Назарбаев университети Казакстан Республикасынын Биринчи Президенттин демилгеси менен ачылган. Тогуз жылдын ичинде жогорку окуу жайы иновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча алдыңкы мекемелердин бирине айланды.

Фото: kazpravda.kz