Казакстандын касиеттүү аймактарынын томпок барельефтери

Казакстандын касиеттүү аймактарынын томпок барельефтери

Казакстандын касиеттүү жерлери жана казактын жомок-эпосторунун каармандары. Петропавлдык студент жана ишкер Жанат Какимов гипстен томпок айкелдерди жасоого арналган укмуштуудай топтомдорду жаратууда. Аталган идея жаш ишкерге мектепте окуп жүргөн мезгилде келген. Ал эми, Жаштар корпусунун долбоорунан жеңип алган грант анын ишке ашуусуна өбөлгө болгон. Алгач Жанат макеттерди электрондук форматта жасайт. Андан кийин фрезердик станокто жыгач матрицаларды жана бардык керектүү формаларды чогултат. Аталган топтомдор балдардын ой жүгүртүүсүнүн өсүшүнө жана тез жетилүүсүнө таасир берет.

ЖАНАТ КАКИМОВ, СТУДЕНТ, ИШКЕР:

- Ар дайым жеке ишим менен алектенүүнү максат кылып келгем. Эмне менен алектенсем деп көп ой жүгүрттүм. Балдар үчүн ушундай оюнчуктар аз экенин  ойлодум. Өз чөлкөмүн окуп-үйрөнүүгө багытталган мындай оюнуктар айрыкча Петропавлда жокко эсе. Аталган топтомдор аркылуу жаштар кичинекей кезинен тарта өз өлкөсүнө болгон сүйүүсү ойгонуп, Абылай хан ким болгонун билип, бизде кандай жерлер бар экенин билсе дедим.

Жанат өзүнүн командасы менен биргеликте балдар үчүн 500дөн ашуун топтомо даярдашты. Эскерте кетсек, анын ойлоп табуусу Жаштарды өнүктүрүү корпусунун долбоорунда эң мыкты деп табылган.    

Жакынкы арада жаш ишкер Костанай облусунун көрктүү жерлеринин 3Д моделин жасоону мерчемдөөдө.

Фото: inform.kz