“Тумар” сыйлыгына даярдык

“Тумар” сыйлыгына даярдык

Жалган куран айынын жыйырмасында “Тумар” телевизиондук сыйлыгын тапшыруу аземи болот. Ага талапкер болгондор: улуттук жана аймактык телерадио компаниялары, студиялар, продюсерлик борборлор жана башка Казакстан аймагында телевизиондук контентти жараткан медиаиндустриялык уюмдар. Азыркы тапта бул укмуштуудай иш-чарага даярдык кызуу жүрүп жатат.

НИКОЛАЙ ПОДОШВА-ЗАХАРОВ, “ТУМАР” УЛУТТУК ТЕЛЕВИЗИОНДУК СЫЙЛЫГЫНЫН КОЮУЧУ-РЕЖИССЁРУ:

- Быйыл жылдыздарды чакырбоону, кошумча ресурстарды тартпоо чечимин кабыл алдык. Иш-чараны казакстандык өнүмдөр менен алып чыгууну туура көрүп, ата мекендик бренддерди көрсөтүүгө аракет кылабыз. Жаш жылдыздардын муунун тарбиялаган телевизиондук шоулорду көрсөтөбүз. Тагыраак айтканда, ушул жерде өсүп-жетилген жаштарга ишеним арттык. Биз ушундай ийгиликтүү долбоорлор аркылуу Казакстанда жана Азияда жаш таланттарга колдоо болууга жарай турган долбоорлордун бар экенин көрсөткүбүз келет.

Быйылкы жылы калыстар тобунун назарына 300дөн ашуун өтүнмө келип түшкөн. Алардын арасынан 9 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Мыктылар «Телевизиондук сериал», «Коомдук долбоор», «Даректүү тасма», «Маалыматтык – талдамалык программа», «Телевизиондук мезгилдин мыкты окуясы», «Оюн-зоок долбоору», «Аймактык теледолбоор», «Тележурналист» жана «Теле алып баруучу» аталмалары боюнча белгилүү болот.

ЛЯЗЗАТ АМАНБЕКОВА, “КАЗМЕДИА ОРТАЛЫГЫ» БАШКАРУУЧУ КОМПАНИЯСЫНЫН ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР БОЮНЧА МЕНЕДЖЕРИ:

- Бүгүнкү күндө шорт-лист 36 номинанттан түзүлгөн акыркы талапкерлердин тизмеси колдо бар. Акыркы чечим жалган куран айынын жыйырмасында чыгат. Башкача айтканда калыстар тобу өтүнмөлөрдү карап чыгып, эң мыктыларын тандашат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы калыстар тобу 11 адамдан турат. Бирок алардын ысымдары азырынча белгисиз. “Бул – сынактын адилеттүү өтүшү үчүн жасалган кадам”, дешет уюштуруучулар.

Фото: 24.kz