Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Москвадагы эл аралык көргөзмөдө тааныштырылды

Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Москвадагы эл аралык көргөзмөдө тааныштырылды

Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Москвадагы эл аралык көргөзмөдө тааныштырылды. Улуттук павильондо жайгашкан 12 компания дүйнөнүн булуң бурчунан чогулган коомчулукка өздөрүнүн кызмат түрлөрүн сунуштады. Анын ичинде Астана менен Алматы шаарларында саякат жасоо, экологиялык жана этнотурлар, Байкоңур космодромунда ракетанын учуруу мезгилин көрүү да бар. Туризмдин ичинде ашпоздук тармагына да өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Серепчилердин пикиринде, улуттук тамактар Казакстанга көп санда турист тартууга таасир берет. Бүгүнкү күндө ашпоздук туризм бүткүл дүйнөлүк жараянга айланары белгилүү. 

КАЙРАТ САДУАКАСОВ, KAZAKH TOURISM УК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Улуттук ресторандарга баруу ар бир турга кирет. Ал эми биздин улуттук тамактарыбызды дүйнөдө биле беришпейт. Ошондуктан ушундай көргөзмөлөрдө тааныштырып жүрөбүз. Гастрономиялык туркарта даярдалып жатат, ал жерде турист кайсы аймакта кандай тамак иче аларын көрөт. Ошондой эле, байыркы замандагы тамактарды жаңыртуу менен алектенип келебиз.

Коноктор дасторкондогу казы-карта, жент жана боорсоктон ооз тийип, казакстандык туризмди жаңы жагынан таанышты. Жалпы былтыр өлкөгө Орусиядан 1 миллион 700 миң турист келген. Адистердин божомолу боюнча, быйыл алардын саны 5-6 пайызга өсөт. Чет өлкөлүктөр көбүнчө Астанада болуп, Алматы облусун кыдырат.

РАУАН МЫРЗАГУЛОВ, АЛМАТЫ ОБЛУСУНУН ТУРИЗМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Өткөн 2018-жылы бизге 2 миллион адам келди. Биздин аймакта дарылык касиети бар Алакөл көлү бар. Туристтердин көбү Алакөлгө багыт алышат. Миллиондон ашуун турист.

Москвадагы иш-чара дүйнөдөгү эң ири 5 көргөзмөнүн катарында. Быйыл ага 54 өлкөдөн 2 миңге жакын компания катышып жатат. Көргөзмө алкагында туризмди өнүктүрүүчү улуттук компания орусиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтык жана туристтик өнүмдү өткөрүү тууралуу бир нече келишимге кол койду.

Фото: sputniknews.kz