Астана-Ташкент автобус багыты ачылды

Астана-Ташкент автобус багыты ачылды

Астана менен Ташкент ортосун автобус каттамы байланыштырат. Эки республиканын башкы шаарларынын ортосунда эл аралык багыттагы коомдук унаа каттай баштады. 1 миң 646 чакырым жолду автобус болжол менен 28 саатта басып өтөт. Эл аралык багыттагы коомдук унаа эки тараптан күн сайын жүрөт.

СУННАТУЛЛА АБДУКАСИМОВ, ЖҮРГҮНЧҮ:

- Эки өлкөнүн борборун байланыштырган унаа багытынын ачылганына кубанычтамын. Эл аралык багыттагы автобус менен бажыдан өтүү да ыңгайлуу. Ага эки чек арада жашыл коридорду пайдаланууга болот.

ДАТКА АБЖАППАРОВ, КАЗАКСТАНДЫК ТАШУУЧУ КОМПАНИЯСЫНЫН  ӨКҮЛҮ:

- Алгач автобус күн сайын жүрөт. Жүргүнчүлөр коп болуп, суроо-талап өсө турган болсо, каттамды күнүнө төрт жолкуга чейин көбөйтүүгө болот. Автобус Ташкенттен Карагандыга, андан ары Астанага кетет.

Жалпы бул эки өлкө ортосундагы жетинчи автобус багыты болуп жатат. Азыр Ташкенттен Алматы, Чымкент, Түркестан жана Кызылордо облусуна жүргүнчүлөр унаасы туруктуу жүрөт. Эки өлкө башчысынын орток келишиминин алкагында ачылган автобус жүргүнчүлөрүнө чек арада да көптөгөн жеңилдиктер каралган. Бул барыш-келиш менен алыш-бериштин жакшыруусуна негиз болот. Белгилей кетсек, былтыр Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүсү 2 миллиард 488 миллион АКШ долларын түзөт. Бул көрсөткүч 2017-жыл менен салыштырганда 25 пайызга көп. Быйыл эки тарап бул көлөмдү көбөйтүүнү мерчемдеп жатат.

Фото: total.kz