Астанада «Аял жана илим» дебаты өттү

Астанада «Аял жана илим» дебаты өттү

«Дүйнөгө илим, ал эми илимге аял керек». Астанада ушундай аталышта дебат уюштурулду. Жарандык коом өкүлдөрү, белгилүү маданият ишмерлери, ийгиликтүү назик жандар гендердик саясат жана аялдарды жумуш менен болушунча камсыз кылуу маселелери боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле аялдардын илимдеги жигердүүлүгү менен ролун жогорулатуу да күндүн негизги темасына айланды. Кызуу талкууга түшкөн иш-чараны Казакстандагы Франция элчилиги уюштурду.

ЛОР КАСТЭН, КАЗАКСТАНДАГЫ ФРАНЦИЯ ЭЛЧИЛИГИНИН КЕҢЕШЧИСИ:

- Франция элчилигинде мындан бир жыл мурун Астана жана Казакстандын башка аймактарындагы француз тилинде сүйлөгөн аялдардын клубу ачылган. Жылына бир нече жолу алардын башын бириктирип, өзөктүү маселелерди талкууга салабыз. Бул жолу «аял жана илим» темасын тандап алдык. Негизинен изилдөө иши менен инженер сыяктуу адистиктердеги аялдардын үлүшүн талдайбыз.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын маалыматы боюнча, дүйнөдө назик жандардын 2 пайызы гана доктор даражасын алган. Улуттук илим өкүлдөрүнүн баяндамасына ылайык, Казакстанда 2018-жылы жаратылыш таануу жана гуманитардык илим тармактарында 1637 аял доктор даражасына ээ. Адистердин айтымында, өлкөдө аялдарды илимге тартуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Фото: depositphotos.com