Нурсултан Назарбаев аял затын келе жаткан майрамы менен куттуктады

Нурсултан Назарбаев аял затын келе жаткан майрамы менен куттуктады

Нурсултан Назарбаев аял затын келе жаткан Эл аралык айымдар күнү менен куттуктады. Майрамдын алдында Өлкө башчысы салтка айланып калган «Көктем шуагы» жолугушуусун өткөрдү. Аталган жыйынга көрүнүктүү аялдар  катышты. Алардын бардыгы ар кайсы аймактын жана ар түрдүү тармактын өкүлдөрү. Мамлекет башчысы аял затын куттуктап жатып энелик – бул өлкөнүн негизи деп белгилеп, өзгөчө сый-урматка көп балалуу энелер татыктуу экенин кошумчалап өттү. 

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Энелик күч чексиз. “Эненин алдында бүткүл дүйнө ийилет” деп бекеринен айтылбаса керек. Барыбызга белгилүү болгондой, согуш убагында эне башындагы жолугун чечип жерге таштаса чыр-чатактар токтоп, тынчтык орночу. Биз ата-бабалардан келе жаткан салтты сактаган аял затын урматтаган элбиз. Биздин эл аял затын ар дайым урматтап, сыйлап келген. Бул ар бир үй-бүлөнүн ажырагыс салтына айланган. “Апа” деген сөздү уккан ар бир жүрөк “селт” этпей койбойт.

Жыйындын аягында Нурсултан Назарбаев көп балалуу энелерге Алтын жана Күмүш алкаларды тапшырды.

Фото: akorda.kz