Шахмат боюнча командалык дүйнө чемпионаты биринчи жолу Казакстанда өтүүдө

Шахмат боюнча командалык дүйнө чемпионаты биринчи жолу Казакстанда өтүүдө

Шахмат боюнча тайпалык дүйнө чемпионаты биринчи жолу Казакстанда өтүүдө. Астанадагы жарышта дүйнөнүн 14 өлкөсүнүн мыкты шахматчылары өз багын сынап жатат. Мелдеште Кытай, Азербайжан, Иран, АКШ, Египет, Орусия, Швеция, Англия, Украина, Венгрия жана Армениянын мыктылары ат салышат. Шахматтын мекени катары саналган Индия командасы да бар. Алардын арасында дүйнө менен ар бир континенттин чемпиону аталгандар да аз эмес.

ЖАНДОС АБИШЕВ, КАЗАКСТАН ШАХМАТ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Алгылыктуу байге фонду каралган эмес. Ар бир команда өз өлкөсүнүн намысын коргойт. Албетте мыктыларына медаль, кубок тапшырылат. Бул жарышка 2016-жылкы дүйнөнүн вице-чемпиону, мыкты шахматчылардын бири Сергей Корякиндин катышуусу жарыштын деңгээлинен кабар берет деген ойдомун. Ар бир өлкө мыкты шахматчыларын алып келип жатат.

Казакстандын курамасында Ринат Жумабаев, Муртас Кажгалиев, Ануар Исмагамбетов, Денис Махнев жана Петр Костенколор өз чеберчиликтерин көрсөтүшсө, кыздардын арасында Динара Садуакасова, Бибисара Асаубаева, Гүлисхан Нахбаева, Гүлмира Даулетова  жана Жансая Абдималик да бар. Команданын лидери – Жансая башкы атаандаш катары Орусия, Украина жана Кытайдын оюнчуларын көрүп жатканын айтат.

ЖАНСАЯ АБДИМАЛИК, ГРОССМЕЙСТЕР, КАЗАКСТАН КУРАМАСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Аялдар курамасы жарышты 6-номурда башташты. Ошондуктан мыкты бештикке кирүү жогорку көрсөткүч болот деген ойдомун. Албетте мындан да жакшы өнөр көрсөтүүгө аракет кылабыз. Биз үчүн азыр турнирге бардык күчүбүздү салуу маанилүү. Команда ичиндеги карым-катнашыбыз абдан жакшы. Мен анын капитаны катары ушул боюнча калышын көзөмөлдөйм.

Шахмат боюнча биринчи дүйнө чемпионаты 1886-жылы уюштурулган. Азыркы тапта дүйнөдө 650 миллион адам шахмат ойнойт. Алардын 200 миңи – казакстандык оюнчу.

Фото: sovsakh.ru