Атырауда сармат доорунун артефакттарынын көргөзмөсү ачылды

Атырауда сармат доорунун артефакттарынын көргөзмөсү ачылды

«Батыш берметтери». Ушундай аталыш менен Атырауда сармат доорунун артефакттарынын көргөзмөсү ачылды. Атырау, Маңгыстау, Актөбө жана Батыш Казакстан облустарындагы байыркы экспонаттар көпчүлүккө сунушталды. Маанилүү чогулушка Германия, Венгрия, Өзбекстан жана Орусияда жашаган казакстандыктар да катышты. Тамыры тереңде жаткан өлкөнүн тарыхы жана касиеттүү жерлери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жашаган казак диаспорасын кызыктырат. Атыраудагы атайын жыйынга келген бир топ казакстандык ушундай пикирде. Алардын айтымында, «Руханий жаңыруу» мамлекеттик программасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү казак диаспораларын бириктирди жана Казакстандын касиеттүү жайларына миңден ашуун адамдын көңүлүн бурдура алды. 

ОҢАЙША МАНДОКИ, «БАРЫС» ВЕНГРИЯ-КАЗАКСТАН МАДАНИЙ ФОНДУНУН ТӨРАЙЫМЫ, ВЕНГРИЯ:

- «Руханий жаңыруу» мамлекеттик программасы – бул жеке эле казакстандыктардын эмес, бүткүл түрк элдеринин руханий модернизациясынын ачкычы. Биз чет өлкөдө болсок да, Өлкө башчысынын «Улуу талаанын жети кыры» аттуу макаласын кунт коюп окуп чыктык. Казактар менен тамыры бир болгон венгерлер үчүн руханий-маданий баалуулуктарды сактоо жана жогорулатууга багытталган жумуш маанилүү. Бүгүнкү күндө биз венгер-казак бирдиктүү изилдөөлөрүн жүргүзүп жатабыз. Биздин ЖОЖдордо «Кыпчак таануу» окуу курсу бар. Көп сандагы венгерлер Казакстан тууралуу билип жатышат. 

Чет өлкөлүктөрдүн айтымында, улуу талаадагы казак элинин тарыхы менен маданий мурасы, каада-салттарын бириктирген «Казакстандын касиеттүү жерлеринин географиясы» долбоору европа жана батыш коомчулугу үчүн жогорку кызыгууну жаратат.

СҮЛЕЙМЕН ШАДКАМ, МЮНХЕНЬ КАЗАК АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮЧӨСҮ, ГЕРМАНИЯ:

- Чет өлкөдө төрөлүп – өскөн казактар бар. Бул албетте өз таасирин тийгизет. Алар Казакстандагы тарыхый эстеликтер тууралуу эч нерсе билбейт. Албетте бул көйгөйдү чечүү керек. Ушул сыяктуу иш-чаралар, көргөзмөлөр жана жолугушуулар жаңы маданий көпүрөлөрдү түзүүдө чоң ролду ойнойт. Бүгүнкү күндө Казакстан көңүл чордонунда. Менин ата мекенимдеги касиеттүү жерлерге көп адамдар кызыгып жатканы чын.

«Казакстандын касиеттүү географиясына» узак убакыт бою достук карым-катнаш байланыштырып келе жаткан коңшу орусиялыктардын кызыгуусу жогору.

САРСЕНГАЛИ КУСПАНОВ, КАЗАК УЛУТТУК МАДАНИЙ БОРБОРУНУН ПРЕЗИДЕНТИ, ОФ, САНКТ-ПЕТЕРБУРГ:

- Руханий байлык менин жан дүйнөмө жакын. Эгер тарыхыбызды билсек, билгенибизди толуктасак, башкалар менен ар түрдүү темаларда сүйлөшө алабыз.

Белгилей кетсек, көргөзмөнүн максаты Казакстандын батыш аймактарынын касиеттүү жайларына элдин көңүлүн буруу, тарыхка бай аймакка кадам таштап, жаңылыктарды ачуу катары саналат.

Фото: baq.kz