Казакстандагы медициналык туризм

Казакстандагы медициналык туризм

Казакстанга медициналык жардам алуу максатында чет өлкөлүктөр көп санда келет. Мисалы, медициналык туристтердин арасында кардио, нейрохирургия, репродуктология, стоматология жана ортопедиянын жардамына муктаждар кайрылышат. Ошондой эле, орган мүчөлөрүн алмаштыруу кызматтарына жана дарылык процедураларга суроо-талап жогору. Белгилей кетсек, жыл сайын өлкөгө дүйнөнүн 45 мамлекетинен бир нече жүздөгөн медициналык турист келет. Алардын арасында Орусия, Түркия, Венгрия, Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерден келген дарылануучулар бар.

АШИРГҮЛ БЕРДИМУРАТОВА, БЕЙТАПТЫН АПАСЫ / ӨЗБЕКСТАН:

- Улуттук нейрохирургия тууралуу байма-бай укчумун, маалымат берилип турчу. Нейрохирургдар абдан тажрыйбалуу, мээримдүү. Бардык дарыгерлер жоопкерчиликтүү. Абдан мыкты, дасыккан дарыгерлерге чексиз рахмат айтам. Биз абдан ыраазыбыз.

Бүгүнкү күндө Казакстанда JCI эл аралык стандарты боюнча 7 клиника аккредацияланган. Ооруканаларда аккредитациянын болуусу башка өлкөдө сапаты жогору медициналык кызматтарга таянган чет өлкөлүк туристтер үчүн ишенимдүү кепил катары саналат.

СЕРИК КАРИБАЙ, УЛУТТУК НЕЙРОХИРУРГИЯ БОРБОРУНУН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Мисалы, биз чет өлкөлүк бейтаптардан эмне себептен биздин өлкөнү тандап алганын сурайбыз. Алар буга чейин Кытай, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө дарыланышканын айтышат. Ошондой эле, бейтаптар Казакстандагы медицина абдан жогорку деңгээлде экенин кошумчалашат. Биздин адистер Америка жана Европанын алдыңкы клиникаларында окуулардан өтүшкөн. Мындан сырткары, “Болашак” программасынын жардамы менен ата мекендик медицина өз ишин жогорку деңгээлде билген адистерге ээ болду.

Медициналык туризм заманбап технологиялар менен инновацияларды киргизүү аркылуу өнүгүп жатат. Мисалы, акыркы беш жылда Актөбөдө кырктан ашуун заманбап медициналык борбор салынды. Бардыгы тең заман талабына ылайык жаңы технологиялар менен жабдылган. Эгер эки жыл мурун бул жерде 100гө жакын адам дарыланса, өткөн жылы беш жүзгө жакын чет өлкөлүк жаран медициналык жардам алган.

Аны менен бирге, өлкөдө репродуктивдик технологияларды өнүктүрүүгө көп маани берилүүдө. Бүгүнкү күндө ата мекендик клиникалар Европанын, АКШ менен Түштүк-Чыгыш Азиянын алдыңкы катардагы борборлору менен теңдештирилет. Мындан сырткары, акыркы 22 жылда Казакстанга тукумсуздукту дарылоо, репродуктивдик медицинага 51 өлкөдөн бейтап келген. Алардын катарында АКШ, Австралия, Сингапур, Малайзия өлкөсүнөн келгендер да бар.

РАВИЛЬ ВАЛИЕВ, ЖОГОРКУ КАТЕГОРИЯДАГЫ ГИНЕКОЛОГ- РЕПРОДУКТОЛОГ:

- Бизге коңшу мамлекеттерден түгөйлөр көп санда келишет. Айрыкча Кыргызстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген түгөйлөр арбын. Себеби, тилекке каршы коңшу өлкөлөрдө Орусиядан башка белгилүү бир себептер менен каржылык же мыйзамдык себептер болуусу мүмкүн, репродуктивдүү медицина, ЭКО программасы кеңири өнүкпөгөнүндө деп да айтууга болот. Ошондой эле, Казакстанда уруксат кылынган көптөгөн программалар, белгилеп айта турган болсок, суррогот эне, эмбрионду сактоо, эмбриондорду көп санда алуу себеп болуп жатат.

Бүгүнкү күндө Казакстандагы чет өлкөлүк бейтаптарга бардык шарттар түзүлгөн. Ыңгайлуу географиялык кырдаалдан баштап, өнүккөн дүйнөлүк технологияларга чейин бардыгы бар. Дарылоонун жогорку сапаты менен кошо, Казакстанда башка өлкөлөр менен салыштырганда баанын жеткиликтүүлүгү бейтаптарды кубандырат.

Фото: forbes.kz