Казакстандык «Kazakh TV» жана «Хабар24» телеканалдары Орусияда көрсөтүлүп жатат

Казакстандык «Kazakh TV» жана «Хабар24» телеканалдарынын аудиториясы кеңейүүдө. Эми алардын программалары Орусия Федерациясынын аймагында жеткиликтүү. Аталган жаңылыкты Орусияда жашап жаткан казакстандыктар кубануу менен кабыл алышты. Алардын айтымында, мурда казакстандык берүүлөрдү дүйнөлүк желелерден издөөгө туура келчү.

МАРЗИЯ ИБРАЕВА, ШАЯНОВА, ЧЕЛЯБИНСК ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Биз өзүбүздүн казак тилин жана англис тилин билишибиз керек. Менин 2-класста окуп жаткан неберем англис тилин үйрөнүп жатат. Мен бул жерден “Казак ТВ” каналын көрөм. Анын берүүлөрү үч тилде: казак, орус жана англис.

САРА АБДРАХМАНОВА, ЧЕЛЯБИНСК ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Бизге бул каналдар керек. Эгерде жаштар күн сайын кечинде казакстандык каналдарды көрүп, казак тилин угушса, алар өз тилин үйрөнүүгө өбөлгө болот. Албетте, жаңылыктар аркылуу Казакстанда болуп жаткан окуялар, каада-салттар жана үрп-адаттар боюнча маалыматтарга ээ болобуз.

Каналдардын жаңы көрүүчүлөрү иш күндөрү жаңылыктарды, ал эми эс алуу күндөрү концерттерди көрүүнү жактырышат.

УМИТ БАЙДАУЛЕТОВА, ЧЕЛЯБИНСК ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Биз сыналгы аркылуу концерттерди көрүүнү жактырабыз. Бул биздин жан дүйнөбүзгө дары сыяктуу. Концерттерди көрүп, жаңы ырлар, жаңы аткаруучулар жана бийчилер тууралуу билебиз. Окуп үйрөнөбүз, керектүү нерселерди алабыз.

«Kazakh TV» жана «Хабар24» телеканалдарын Орусиянын медиарыногуна чыгаруу үчүн бир жылдан ашуун убакыт кеткен. Бул долбоордун үстүндө «Хабар» Агенттигинин талдоочулары жана Казакстандын маалымат жана коммуникация министрлиги биргеликте иш алып барышкан. Бул ишке Орусия да жигердүү катышты.

РОБЕРТ МУРАДЯН, “ХАБАР” АГЕНТТИГИНИН ӨНҮКТҮРҮҮ БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ:

- Биздин өлкөлөрдүн ортосунда тыгыз жана жемиштүү кызматташуу орногон. Биз башынан баштап эле, ЖМК өлкөлөрдү жакындаттууда жогорку ролду ойноруна ишенгенбиз. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Орусия Федерациясынын көрүүчөрүнүн арасында Казакстанда болуп жаткан окуяларга жана Казакстандын жаңылыктарына кызыгуу бар экенине ынандык.

Долбоордун кийинки этабы «Kazakh TV» жана «Хабар24» каналдарын Орусиянын ири кабелдик операторлордун пакеттерине киргизүү болот.

Фото: ptzgovorit.ru