“Нур Отан” партиясынын съезди: Билим берүү тармагындагы рефомарлар уланат

“Нур Отан” партиясынын съезди: Билим берүү тармагындагы рефомарлар уланат

“Нур Отан” партиясынын съездинде коюлган тапшырмалар жаштарды жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырат, дейт коомдук ишмерлер, саясат таануучулар жана мугалимдер. Алардын айтымында, партиянын 2030-жылга чейинки программасында биринчи кезекте жаштарды колдоо жана калктын жыргалчылыгын жогорулатуу маселелерине өзгөчө маани берилет. Серепчилер “Нур Отан” партясынын бул съездин өзгөчө деп аташты.

БОЛАТБЕК АБДРАСИЛОВ, ЭР АРАЛЫК КАЗАК-ТҮРК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ:

- Барыбызга белгилүү болгондой эле, Өлкө башчысы коомдук көйгөйлөрдү чечүүгө, көп балалуу үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана пенсионерлерге тиешелүү суроолорго өзгөчө маани берип келет. Ошондой эле жаштарды колдоо багыты да көңүл чордонунда. Бул тапшырмаларды биздин партия 20 жылдан бери чечип келе жатат. Биздин программа коомдук көйгөлөрдү чечүүгө чоң салым кошот деп ойлойм.

ШОЛПАН ЕШКЕЕВА, “НУР ОТАН” ПАРТИЯСЫНЫН АСТАНА БӨЛҮМҮНҮН МҮЧӨСҮ:

- Бул жерде коомдук-экономикалык реформалар өтө жакшы чагылдырылган. Бардык жумуштар элдин жыргалчылыгына багытталган. Жаштар дагы жаңы кызыктуу жаратмандыкты күтүп жатат.

Фото: egemen.kz