Казакстан-Франция: Билим, илим жана маданият тармагындагы кызматташтык

Казакстан-Франция: Билим, илим жана маданият тармагындагы кызматташтык

Казакстан менен Франция билим, илим жана маданият тармагындагы байланыштарын кеңейтүүдө. Алматыдагы Сорбонна-Казакстан Институтунда «Абай-Верн» стипендиялык программасынын экинчи сезону расмий ишке кошулду. Ал экинчи курстун студенттерине Франциянын жогорку окуу жайларында билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан башка, «Make our planet great again» аттуу биргелешкен билим берүү долбоору ишке ашырылууда. Ал экология жана климатты изилдөө маселелери менен алектене турган казакстандык магистранттарга Францияда билимин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ЛОР КАСТЭН, ФРАНЦИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИНИН МАДАНИЯТ ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КЕҢЕШЧИСИ:

- «Абай-Верн» программасынын докторантура деңгээлинде ишке кошулуусу өтө маанилүү, анткени бул биздин лабораториялардын, университеттердин ортосунда илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө таасир берет. Бизде жалпы 100 стипендия бар.

Жалган куран айынын биринен баштап Казакстанда «Франкофония жазы» башталат. Чымкент, Өскемен, Костанай, Астана, Алматы жана башка да шаарларда француз ырларынын концерттери болуп, тасма көрсөтүүлөрү өткөрүлөт. Ошондой эле, быйыл жайында элчилик «Музыка мааракесин» уюштурууну мерчемдеп жатат. Бул иш-чара Францияда биринчи жолу 1983-жылы белгиленген, ал эми бүгүнкү күндө аны 120 өлкө майрамдайт.

Фото: sorbonne.kaznpu.kz