Павлодарда жүрөккө уникалдуу операция жасалды

Павлодарда жүрөккө уникалдуу операция жасалды

Павлодар аймагынын кардиохирургдары 58 жаштагы жашоочунун жүрөгүнө уникалдуу операция жасашты. Дасыккан адистер «хирургиялык криоаблация» ыкмасын түркиялык кесиптештеринен үйрөнүшкөн. Ушул сыяктуу ачык жүрөккө жасалган операциялар Азия өлкөлөрүнүн ичинде Павлодарда гана колдонулат. Европа мамлекеттеринде да жаңыдан киргизилип жатат. Бул операциялар жүрөк согушу бузулган жана патологиялары бар бейтаптарга тиешелүү. Адамдын саламаттыгына зыян келтирбөө үчүн хирургиялык жараяндын алкагында жүрөк бөлүктөрү 160 градуска муздатылат. Тиешелүү жумуштан кийин жүрөк согушу мурунку калыбына келтирилет. Адистердин айтымында, катталган бейтаптардын 20 пайызы жүрөк согушунун бузулушунан жапа чегет.

АЛМАС АНТИКЕЕВ, ОБЛУСТУК КАРДИОХИРУРГИЯЛЫК БОРБОРДУН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Операция алкагында аргон газы колдонулат. Бул газ электроддор аркылуу жүрөктү муздатат. Натыйжасында жүрөк жолдору аркылуу белгилүү бир аймактар электр өткөргүчтүгүн жоготот. Кийин жүрөктүн мурунку согушу калыбына келет. Бул операцияны бир нече жыл мурун өздөштүргөнбүз. Бүгүнкү күндө чөйрөсү кеңейип жатат.

Облустук кардиохирургиялык борбордо бир жылда төрт миңден ашуун операция жасалат. Бүгүнкү күндө дарыгерлер 50дөн ашуун операциянын инновациялык ыкмаларын жогорку деңгээлде өздөштүрүшкөн.

Аны менен катар, Казакстанда биринчи жолу роботтун жардамы менен бөйрөккө операция жасалды. Дарыгерлердин айтымында, мурда коркунучтуу шишикке чалдыккан бейтаптардын бөйрөгүн толук алып таштоого туура келген. Ал эми азыр роботтук технологиянын жардамы менен бөйрөктү сактап, закым жеген бөлүккө гана операция жасалат. Бүгүнкү күндө жаңы ыкма менен 50дөн ашуун бейтап дарыланып чыкты. Жаңы технологиянын артыкчылыгы көп. Робот урология, жалпы хирургия жана гинекология тармактарында колдонулат.

ЕРЛАН ЕҢСЕБАЕВ, КР ПРЕЗИДЕНТИНИН ИШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРУНУН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Азыркы тапта ушундай операцияларды көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Ушундай хирургиялык аракеттер бардык казакстандыктар үчүн жеткиликтүү. Мурда биздин бейтаптар дарылануу үчүн Корея, Израиль, Европа өлкөрүнө барышчу. Эгерде биздин өлкөдө роботохирургия мындан ары өнүксө, казакстандыктар чет өлкөгө чыкпастан, өз өлкөсүндө дарылана алышат.

Жеңил операциядан баштаган адистер ай сайын татаал дарылоо ыкмаларын өздөштүрүшүүдө. Быйыл ооруканада атайын окуу борборун ачуу мерчемделип жатат. Белгилей кетсек, робот менен операция жасоону үйрөтө турган окуу борборлору дүйнөдө АКШ менен Италияда гана бар.

Фото: alanda-hirurgia.kz