Жаштардын долбоорун колдоого 1000 грант бөлүнөт

Жаштар жылында жаштардын демилгелери болушунча колдоо табат. Быйыл миң ойлоп табууну ишке ашыруу үчүн атайын гранттар бөлүнөт. Ар бир жаңы ойду канааттандырууга бир миллион теңге өлчөмүндөгү кайтарымсыз каржы каралган. Бул тууралуу Астанада өткөн «Кыялдан! Сунушта! Ишке ашыр!» аттуу мыкты тажрыйбалар форумунда айтылды. 

ГҮЛМИРА ЕСКЕНДИРОВА, ZHAS PROJECT ДОЛБООРУН БАШКАРУУ ТОБУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Каржы бир топ балага берилет. Топтун ичинде 3төн кем эмес, 5тен көп эмес жаш топ түзүп, өздөрүнүн коомдук идеяларын сунуштап, аны ишке ашырууга 1 миллион теңгедей каржы ала алат. Ошого кошо 6 ай бою стипендия алат. Эгерде алардын жогорку билими болсо, стипендиянын өлчөмү 60 миң теңге болот. Ал эми орто билимге ээ болсо, аларга 40 миң теңге берилет.

Эскерте кетсек, Zhas project долбоору эки жыл мурун башталган. Ушуга чейин 5 жарым миң жаш анын жемишин көрүп жеке ишин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Өндүрүш жолуна чыккан жаш ишкерлер төл буюмдарын Астанада өткөн көргөзмөдө көпчүлүктүн назарына сунушташты.

АБЗАЛ МЫШБАЕВ, ДОЛБООРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Биз ушул гранттын аркасында өзүбүзгө керектүү курал-жарактарды сатып алдык. Эми ошол шайман аркылуу улуттук стилдеги буюмдарды жасайбыз. Кийиз үйлөр, чакыруу билеттер баары заманбап үлгүдө. Дагы айта кетүүчү жагдай, азыркы таптагы латын ариби жана кириллицаны жаңыча жасап окуучуларга акысыз таратабыз.

Быйылкы жылы да уланып жаткан салттуу долбоорго Астана, Алматы шаарлары менен Акмоло, Батыш Казакстан жана Маңгыстау облустарынын жаштары катыша алышат.

Сүрөт z-taraz.kz сайтынан алынды.