Казакстанда газ-кен жайларын геологиялык чалгындоо жандандырылды

Казакстанда газ-кен жайларын геологиялык чалгындоо жандандырылды. 2021-2025-жылдарга арналган программаны Энергетика министрлиги жана улуттук мунай өндүрүүчү компания даярдоодо. Ал жыл аягына чейин бекитилет. Тармак башчысы Канат Бозымбаевдин айтымында, былтыр өлкөдө газ өндүрүшү 2017-жыл менен салыштырганда 5 пайызга өскөн. Ал эми үстүбүздөгү жылы Казакстан 55 миллиард кубометр өндүрүүнү мерчемдеп жатат.

КАНАТ БОЗЫМБАЕВ, КР ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИ:

- Товардык газ өндүрүү көлөмү да 5,4 пайызга өсүп, 33,3 миллиард кубометр болду. Ал эми суюлтулган газдын өткөн жылы өндүрүлгөн көлөмү 3,1 миллион тоннаны түзөт. Өсүш 7,3 пайыз. Газ экспорту 12,7 пайызга өсүп 19,4 миллиард кубометрге жетти. Бул рекорддук көрсөткүчтөрдүн бири экендигин белгилип өткүм келет.

Быйыл ата мекендик мунай өнүмдөрүн Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттоо каралууда. Бул үчүн атайын мыйзамдык база даярдалып жатат. 2019-жылы рынок толук ата мекендик күйүүчү май, дизель отуну жана авиакеросин менен камсыздалат, дейт министр. Дизель отунунун кышкы маркасы боюнча гана жетишсиздик байкалуусу мүмкүн.

Сүрөт burneft.ru сайтынан алынды.