Астанада «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жаңы жеңүүчүлөрү тааныштырылды

Астанада «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жаңы жеңүүчүлөрү тааныштырылды

Астанада «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жаңы жеңүүчүлөрү тааныштырылды. Бул – өлкөнүн кадыр-баркын ашырып, өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошкон адамдарды элге кеңири тааныткан долбоор. Алгачкы жеңүүчүлөр 2017-жылы аныкталган. Башында талапкерлердин саны 2 миңден ашык болгон. Натыйжасында 102 жаран мыкты деп табылган. Алардын катарын жаңы жеңүүчүлөр толуктады.

Экинчи этаптын жеңүүчүлөрү – эгемендүү өлкөнүн жаш мууну. Өлкө башчысынын айтымында, тынчтык жана туруктуулук шартында гана жаштар өнүгө алат.  

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- «100 жаңы ысым» долбоору «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында ишке ашып жатат. Экинчи жолу абдан кубануу менен катышуудамын. Анткени жаштар менен баарлашканды жакшы көрөм. Өзүңүздөр билгендей, бул жыл «Жаштар жылы» деп жарыяланган. Ошондуктан дал ошол жаштар өзүн көрсөтүп алдыга умтулушу керек.  

«100 жаңы ысым» долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн бири - Асан Жолдосов. Математика мектебинин негиздөөчүсү 1500 балага билим берип келет. Ушундай шарттарда, эсепти эркин санагандардын жаңы муунун тарбиялады.

АСАН ЖОЛДАСОВ, ДОЛБООРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Бала кезимден бери математиканы жакшы көрөм. 17 жашымдан тартып балдарды окутуп баштап, 19 жашымда жеке мектеп ачтым. Анда 136 мугалим-ментор 3 шаарда иштейт, 1500 таланттуу бала окуйт.  

Экинчи этапка жеңүүчүлөрдү тандоо 2018-жыл аралыгында өттү. Натыйжасында өлкөнүн өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошуп келе жаткан 29 жеңүүчү аныкталды. Алардын арасында дарыгер, спортчу, өнөр ээси жана акындар бар.

Сүрөт akorda.kz сайтынан алынды.