Актауда «Жаштар жылы – жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу аймактык форум өттү

Актауда «Жаштар жылы – жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу аймактык форум өттү

Маңгыстау аймагы дүйнөлүк деңгээлдеги жаштардын иш-чаралары өтө турган борборго айланат. Актаудагы «Жаштар жылы – жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу аймактык форумда өсүп келе жаткан урпакты колдоого арналган масштабдуу демилгелер сунушталды. Бугу айында көпчүлүк күтүп жаткан окуялардын бири «Актау марафон -2019» иш-чарасы өтөт. Аталган иш-чарада белгилүү спортчулар жана саламаттуу өмүр сүрүү салтын карманган адамдар жолугушат. Марафонго Каспий аймактык өлкөлөрүнүн жашоочуларынан сырткары, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген жарандар да катыша алат. Уюштуруучулардын айтымында, мегаакция деңиз жээгиндеги шаардын таанымалдуулугун жогорулатат. Жалпы Маңгыстау аймагынын имиджине да оң таасирин тийгизет. Баш оона айында Актау саммитине карай уюштурулган чек аралаш өлкөлөрдүн жаштарынын кызматташтыгына арналган форум өтөт.

МИРЛАН ХАЖГЕРЕЕВ, МАҢГЫСТАУ ОБЛУСУНУН ЖАШТАР САЯСАТЫ МАСЕЛЕЛЕРИНИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Ушул жылы «Диплом менен айылга» программасы боюнча айылдарга 250 жаш адис аттанат. Аларга атайын колдоо каралган. Дагы аймактык «Нур – Капитал» аттуу программа бар. Аталган программанын алкагында жаш ишкерлерге 1 миллиондон 30 миллион теңгеге чейин каржы бөлүнөт. 

Жаштар жылы окуяга бай болот. Жаштардын ШКУ лигасы ич ара байланыш боюнча өз сунуштарын беришти. Алар казакстандык өнөктөштөрү менен бирге ири жаштар форумун уюштурууну көздөшүүдө. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, лиганын быйылкы мерчеми масштабдуу. Мисалы, анын мүчөлөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын хабын түзүүнү көздөп жатышат.

ОЛИМ АЛИМОВ, ШКУ ЖАШТАР ЛИГАСЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

- Бизди Шанхай кызматташтык уюмунун жаш өкүлдөрү катары казакстандык жаштардын бардык ресурстарды пайдалана алары абдан кубандырат. Аларды өлкө өкмөтү сунуштап жатат. Алар жаштар үчүн абдан керек. Ушундай шарттар түзүлсө, ар бир жаш коомдук жушуштарда өз жигердүүлүгүн көрсөтөт деп ойлойм.

Казакстан Президенти өзүнүн кайрылуусунда 2019-жылды Жаштар жылы деп жарыялаган. Ал окуу жайларындагы билим сапатын жогорулатып, дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүктү бекемдөөнү тапшырды. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылууга да өзгөчө көңүл бөлүнө турган болду.