Түркистан келечекте ири мегаполиске айналат

Түркистан келечекте ири мегаполиске айналат

Жыл сайын Түркестанга миллиондон ашуун турист жана ажы келет. Бул жерге келе тургандар эң алгач Кожа Ахмет Яссауи комплексине ат тизгинин бурушат. Азыр бул жерде масштабдуу курулуштар жүргүзүлүп, келечектеги мегаполистин пайдубалы түптөлүп жатат. Ал эми архитекторлордун айтымында, кийинки жылдан баштап руханий шаар чыгыш үлгүсүндө өнүгө баштайт. Азыр адистештирилген компания масштабдуу курулуш долбоорунун концепциясын даярдоодо. Жаңы долбоорго ылайык, мегаполис үч багыт боюнча өнүгөт. Белгилеп айтсак, анын биринчиси Кожа Ахмет Яссауи комплекси жайгашкан «тарыхый» аймак. Экинчиси «маданий-руханий борбор» аймагы. Акыркысы «акимчилик – ишкердик борбор» аянты.

СЕРИК АКТАҢОВ, ЧЫГЫШ КАЗАКСТАН ОБЛУСУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Чыгыш Казакстан облусу Түркестанга музыкалык оргума тартуулады. Азыркы тапта бардык тиешелүү документтер даярдалып жатат. Ушул жылдын аягына чейин объектти пайдаланууга беребиз.

Казакстандын башка да аймактары Түркестандын өнүгүшүнө салым кошот деп күтүлүүдө. Астана шаары «Астана» аянтын, Алматы облусу Жаштар сарайын, Костанай облусу – Казакстан Элдеринин Ассамблеясынын имаратын тартуулашат. Мындан башка конгресс холл, 700 көрүүчүгө арналган стадион, медиа борбор, театр, китепкана, музей, мектеп, бала бакча, дарыкана, сейил бак сыяктуу башка да көптөгөн коомдук объекттер жана ар түрдүү структуралык органдардын имараттары жайгашат. Бүгүнкү күндө «акимчилик – ишкердик борбору» аянтында ар түрдүү департаменттер жана бөлүмдөр жайгашкан имараттардын пайдубалы түптөлүүдө. Облус борбору катары руханий шаардын жаңы аброю элдин санынын өсүшүнө да таасир берет. Ошондуктан шаарда алдыдагы айда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун баштоо мерчемделген.

ЕРКИН ЖҮСИП, «АСТАНА БАШКЫ ПЛАН» ДОЛБООРЛОО ИНСТИТУНУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРРЫ:

- Бул шаар жашоо жана окуу үчүн ыңгайлуу жана чакан болушу керек. Ошондуктан бийик имараттар курулат. Керек болсо, 12-16 кабаттык үйлөр курулат деп ойлойм.

Ошондой эле, шаарда быйыл заман талабына ылайык аба майдан менен темир жол бекетинин курулушу башталды. Архитекторлор алдыдагы 5-6 жылда Түркестан туризми өнүккөн, бийик имараттары көз жоосун алган кооз шаарга айланарын белгилешет. Ал эми 10 жылдан кийин чоң шаарлардын катарына кошулат деген пикирде.