Казакстанда Жашыл энергетикага инвестиция 2,5 эсе өстү

Казакстанда Жашыл энергетикага инвестиция 2,5 эсе өстү

Жашыл энергетикага инвестиция 2,5 эсе өстү. Өткөн жылы аталган тармакты өнүктүрүү үчүн 80 миллиард 200 миллион теңге багытталган. Инвестициянын жигердүүлүгү Акмоло облусунда байкалат. Багытталган сумма 25 миллиард 700 миллион теңге. Жамбыл облусундагы көрсөткүч 94 эсе жогорулап, 12 миллиард 700 миллион теңгени түздү. Азыркы тапта аймакта жалпы кубаттуулугу 170 мегаваттык кайра жанма энергия булактарынын 10 объекти иштеп жатат. Үчүнчү орунда Атырау облусу. Багытталган инвестиция тогуз миллиард. Аталган аймакта долбоорлорго 9 өлкөдөн 100 жакын компания инвестия кылат.

САЛТАНАТ РАХИМБЕКОВА, КР ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН КООМДУК КЕҢЕШИНИН ЭКОЛОГИЯ БОЮНЧА КОМИССИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Инвесторлор Франция, Нидерланды, Италия, Кытай өлкөлөрүнөн келишет. Казакстандык инвесторлор да бар. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө бул тармакка мунай-газ тармагындагы алдыңкы компаниялар кызыктар. Мисалы, 2019-жылы инвестициянын жалпы суммасы 600 миллион доллар же 230 миллиард теңгени түзүшү мүмкүн. Себеби, 2019-жылы жалпы суммасы 630 мегаваттык 16 кайра жанма энергия булактарынын объекттери ишке берилет.

Азыркы тапта Акмоло облусунда кубаттуулугу 50 МВт болгон «Астана ЕХРО-2017» шамал электростанциясы курулуп жатат.

Ал эми Маңгыстау облусунда шамал комплексин сыноодон өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Курулуштун биринчи кезеги өткөн жылы соңуна чыккан. Альтернативалык энергия булагы Форт-Шевченко шаарынын четинде тургузулган. Бул жерде 24 шамал генератору иштейт. 8 миллиард теңгелик долбоор бир күндө 44 мегаватт электронергияны өндүрөт. Жалпы Түпкараган районунда 2 шамал электростанциясы курулуп жатат.

БЕРДИБЕК КАРТБАЕВ, ЭНЕРЕГИТИКАЛЫК БАШКАРМАЛЫКТЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- 2 шамал станциясы тең инвесторлордун акчасына салынып жатат. Биринчи долбоор – шамал электростанциясы, кубаттуулугу 46,6 МВт. Азыркы тапта бул жердеги кураштыруу иштери соңуна чыкты. Аяк оона айынын биринде кубаттуулугу 42 мегаваттык дагы бир станциянын курулушу башталган. Бул 2 комплекс ишке кирсе, Форт-Шевченко шаарын толук электроэнергия менен камсыз кыла алабыз.

Өткөн жылы өлкө боюнча 5 кайра жанма энергия булак объекти ишке кирген. Алар Жамбыл, Маңгыстау, Алматы жана Караганды облустарында жайгашкан. Жалпы Казакстан боюнча 65 комплекс иштеп жатат. Алардын 12 шамал, 19 күн, 33 гидроэлектростанциялар жана 1 биогаз орнотмолору.