«Бабалардын изи менен» экспедициясы Палестинада

«Бабалардын изи менен» экспедициясы Палестинада

Казакстандык изилдөөчүлөр Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө саякатын улантууда. Израилде болгон казакстандыктар ат тизгинин Палестинага бурушту. «Бабалардын изи менен» экспедициясы касиеттүү жерлерди аралашты. Иудей чөлүнүн ортосундагы ак күмбөздү бир нече  чакырым алыстыктан көрүүгө болот. Бул жерде Муса пайгамбар жерге берилген. 13-кылымда Султан Бейбарыс ушул аймакка келип, күмбөз айланасына чоң комплекс салууну тапшырган дешет.

САПАР ЫСКАКОВ, ЭКСПЕДИЦИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Муса пайгамбардын жаткан жери Иерихон шаарынан 5-6 чакырым алыс жерде жайгашкан. Ал Иерусалимден 15 чакырым алыс аймакта. Султан Бейбарыс пайгамбар жаткан жерге адамдар келип, сыйынып кетүүсүн каалаган. Ошондуктан анын демилгеси менен ушул жерде масштабдуу курулуш иши башталган. Зыяратчылар үчүн кербен сарай курулган.

Бул имараттын дубалдары Иерусалимдин бүткүл тарыхын сүрөттөйт. Дауд пайгамбардын коргону биздин доорго чейин 2-кылымда салынган. Чеп бир нече жолу кыйрап, кайра тургузулат. Кыпчак-мамлүктөр ушул жерде мунара салган, дешет тарыхчылар. Азыр тилекке каршы ал жарым-жартылай гана сакталган.

САПАР ЫСКАКОВ, ЭКСПЕДИЦИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Азыр биз турган жерибиз Дауд пайгамбардын коргону, анын мунарасы. Азыр бул жер ири музейге айланган.

Бул бөлмө бүткүл дүйнөгө белгилүү. Уламыш боюнча, дал ушул жерде «Тайная вечеря» өткөн дешет. Тарыхчылар кыпчак-мамлүктөр имаратты кайра оңдоп-түзөөдөн өткөргөнүн жокко чыгарбайт. Казакстандык экспедиция Израиль жана Палестинанын бардык касиеттүү жерлерин кыдырышты. Ошентсе да саякат уланат.