«Бейнеу-Бозой-Чымкент» газ түтүгү толук кубатына чыкты

«Бейнеу-Бозой-Чымкент» газ түтүгү толук кубатына чыкты

«Бейнеу-Бозой-Чымкент» магистралдык газ түтүгү толук кубатына кирди. Кызылордо облусунда көгүлтүр отун ташуу системасынын маанилүү объекти колдонууга берилди. Натыйжасында магистралдык газ түтүгүнүн өткөргүчтүк кубаты жылына 10 миллиард кубометрден 15 миллиардга чейин көбөйдү. Бул багытта түштүк аймактардын көгүлтүр отунга муктаждыгы толугу менен жабылып, Казакстандын экспорттук мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Газдын үчтөн бир бөлүгү Кытайга экспорттолот.

МУХАТАЙ ШАҢБАТЫРОВ, «ИНТЕРГАЗ БОРБОР АЗИЯ» АК БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Бул жаңыдан чыккан заманбап технологиялар. Жабдыктар Америкадан алып келинди. Орто эсеп менен алганда ар бир агрегаттын кубаты 12 мегаватт. Жылдык газ тартып куюштуруу көлөмү он беш миллиард кубометрге чейин жеткирилди. 

“Коркыт Ата” - акыркы эки айдын ичинде колдонууга берилген үчүнчү жогорку технологиялык станция. Эскерте кетсек, өткөн жылы «Арал» жана «Түркестан»  компрессордук станциялары ишке кошулган.

МУРАТ ЕРГЕШБАЕВ, КАЗАЛЫ РАЙОНУНУН АКИМИ:

- Компрессордук станциянын пайдаланууга берилүүсүнөн экономикалык жана коомдук таасир көп болот. Жергиликтүү бюджетке түшө турган салык көлөмү өсөт. Компрессордук станциянын айланасында бизнес объекттери ачылат.