«Бабалар изи менен» экспедициясы Иерусалимдеги Хеврон шаарында болду

«Бабалар изи менен» экспедициясы Иерусалимдеги Хеврон шаарында болду

Иерусалимде изилдөө жүргүзүп жаткан «Бабалар изи менен» экспедициясы Хеврон шаарында болду. Шаар Иерусалимден 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жерде патриархтар көмүлгөндүктөн ыйык жай катары саналат. Ибрахим, Исхак, Якуб жана алардын аялдары ушул жерге коюлган. 2 миң жыл мурда салынган имарат бир нече жолу колдон-колго өтүп, ар кимдин карамагында болгон. XIII кылымда бул жерге Султан Бейбарыс келген. Анын орноткон эрежелери 700 жылга чейин сакталган.

РАФИ КАСИМОВ, ТАРЫХЧЫ:

- 1263-жылы Бейбарыс аскерлери менен ушул жерге багыт алат. Бул жерди көргөндөн кийин мусулман, христиандар, еврейлер да аяк баспасын деп буйрук берген дешет.

Бейбарыстын чырымчылар менен салгылашуусу ийгиликтүү өтүп, Жакынкы Чыгышты бошотот. Окумуштуулардын айтымында, мындай ийгиликке так чечим кабыл алуунун аркасында жеткен. Ошондой эле, ошол кездеги жакшы өнүккөн почта системасы да оң таасирин тийгизген.

КАТЯ СИТРИН-СИЛЬВЕРМАН, ТАРЫХЧЫ:

- Өз убагында кабар алмашуу системасын мамлүктөр абдан жогорку деңгээлге көтөргөн. Бир нече чакырым сайын почта имараттарын салышкан. Кат жиберүүгө көгүчкөндөрдү да пайдаланышкан. От жагып белги беришкен. Аны менен катар, мамлүктөрдүн султанына Каирде кар жана муз керек болгон. Аны Ливандын тоолорунан жеткирип, чаңкоосун кандыруу үчүн колдонушкан.

Мамлүктөрдүн Иерусалимдеги ибадатканасынын сакталышына жана аны кайра калыбына келтирүүгө кошкон үлүшү көп. Бул жерде мусулмандар үчүн абдан касиеттүү бир нече жай бар. Айрыкча, Аль-Акса мечитин белгилеп өтүүгө болот. Ал Мекке жана Мединадан кийинки сыйына турган ыйык жер катары саналат.

САПАР ЫСКАКОВ, ЭКСПЕДИЦИЯНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Аль-Акса мечитин 7-8-кылымдарда арабдар салышкан. Чырымчылардын келиши менен бул жер хандын сарайына айланган. Бирок, 1187-жылы Саладин  аларды кууп чыгып, имаратты калыбына келтирген. Андан кийин бул жерди биздин ата-бабаларыбыз-мамлүктөр оңдоп-түзөшкөн.

Алтын күмбөздүү мечитти Иерусалимдин бардык жеринен көрүүгө болот. Бул архитектура өнөрүнүн мыкты чыгармасы адамзатты бүгүнкү күнгө чейин таң калтырып келет. Мамлүктөрдүн тушунда ыйык жай болушунча каралган. Ал жерде кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

МИЗИРУ ЯХЬЯ, ТАРЫХЧЫ:

- Жогору жагы 1 миллиардга жакын майда оймо-чийме менен кооздолгон. Бул Султан Бейбарыстын тушунда жасалган. Ал Аль-Акса мечитин оңдоп-түзөп, ушул аймакта 35 мечит салдырган.

Мамлүктөр Храм тоосунун бардык тарабында курулуш иштерин жүргүшөт. Ал жердеги архитектурасы өзгөчө, көрктүү имараттар азыркы күнгө чейин сакталган. «Бабалар изи менен» илимий экспедициясы Иерусалимдеги ар бир объектке тыкыр изилдөө жүргүзөт.