«Бабалар изи» Израилден табылды

«Бабалар изи» Израилден табылды

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхындагы мамлүктөрдүн изин аныктоо максатында казакстандык изилдөөчүлөр Израилге атайын барышты. “Бабалар изи менен” экспедициясы жергиликтүү окмуштуулар менен жолугушуп, ал жердеги тарыхый жайларды кыдырышты. Бул – Айн-Джалут чөлкөмү. 13-кылымдын ортосунда дал ушул жерде моңголдор менен мамлүктөрдүн аскерлери жолугушкан.

САПАР ЫСКАКОВ, ЭКСПЕДИЦИЯнын ЖЕТЕКЧИСИ:

- Мамлүктөрдүн аскеринин 90-95 пайызы Улуу талаадан, Дешти-Кыпчактан чыккан. Моңголдордун да аскерлеринин 70-80 пайызы Улуу талаа аймагынан чыккандардан курулган. Эки жакта тең казактын бабалары болгон.

Бул согуш Жакынкы Чыгыштын тарыхында олуттуу өзгөрүштөргө алып келген. Эр жүрөк моңгол армиясынын жеңилбестиги тууралуу мифти жокко чыгарды. Жоону талкалап жеңген Бейбарыс чырым жортуулуна чыккандар ээлик кылган Арсуф шаарына багыт алат. Бекем курчоо 40 күнгө созулган.

РАФИ КАСИМОВ, ТАРЫХЧЫ:

- Алар коргондун башка жагынан каза башташат. Ошол мезгилде чырымчылар багынуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Мамлүктөр конуштар менен чептерди өз көзөмөлүнө алат. Ошондой эле, чиркөөлөрдү мусулман мечиттерине алмаштыруу иштерин да жүргүзөт. Бул имараттардын ички архитектурасында байкалат. Мамлүктөр шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүшкөн. Алардын колдору менен салынган көпүрө азыркы күнгө чейин Лот шаарында бар.

САПАР ЫСКАКОВ, ЭКСПЕДИЦИЯнын ЖЕТЕКЧИСИ:

- Ал мезгилде карым-катнашты ыкчам жүргүзүү үчүн почта байланышын тездетүү зарыл болгон. Ошол кездерде Каирден Дамаскка үч күндө кат келип турган. Кат өз убагында жетүү үчүн ат алмаштыра турган бекеттер жана көпүрөлөр болгон. Себеби, ат менен дарыяны тез кечип өтө албайсың. Ал эми көпүрөнүн аркасында бул жараян тездеген.

Азыр Израиль аймагында мамлүктөрдүн заманындагы көптөгөн тарыхый эстеликтер сакталган. Алар Дешти-Кыпчак аймагынан чыккандар Жакынкы Чыгышты өнүктүрүүдө маанилүү ролду аткарганынан кабар берет.