Маңгыстау облусунда «Актау-Бейнеу» авто жолу толук пайдаланууга берилди

Маңгыстау облусунда «Актау-Бейнеу» авто жолу толук пайдаланууга берилди

Маңгыстау облусунда «Актау-Бейнеу» авто жолу толук жаңыртылып, пайдаланууга берилди. Республикалык мааниге ээ объект батыш аймакты өлкөнүн башка облустары менен байланыштырып, андан ары Орусия жана Өзбекстанга чыга турган жолдорго алып барат. «Нурлуу жол» программасынын алкагында салынган авто жол түк ташуунун өсүшүнө жол ачып жатат. Аталган жол менен Актау, Курык портторуна жүк ташыла баштады. Серепчилердин айтымында, кийинки жылдан баштап аталган унаа коридору аркылуу күнүнө 30 миң тоннага чейин жүк ташылат. Бул Маңгыстау гана эмес, башка өлкө экономикасынын өнүгүшүнө таасир берет.

КАЖЫМУРАТ СҮЙЕБАЕВ, «КАЗАВТОЖОЛ» АК» УК БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Тышкы аймактардан жүк ташуу чыгашалары кыскарат. Мурда унаалар 2-3 күн жүрүп келсе, эми бир күндө жетет. Коңшу Атырау, Батыш Казакстан жана Актөбө облустарына, Каспий деңизине жол ачылат.

Ал эми Павлодар облусунда Иртыш дарыясы аркылуу салынган көпүрө өтмөгү аймактын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Ал жерде облус аймагы менен жүк ташый турган унаалар Павлодарды айланып өтүп, жолдорду 40 чакырымга кыскартты. Отун чыгашалары да азайды. Маанилүү инфраструктуралык долбоор Борбордук-Чыгыш унаа коридорун куруу алкагында салынган. Унаа өтмөгү Борбор Азияда теңдеши жок, эң ири жана узун деп саналат. Аны менен күнүнө 8 миң автоунаа өтүп, 240 миң тоннага чейин транзиттик жүк ташылат.

АКЫЛБЕК КАБЫЛДИН, «КАЗАВТОЖОЛ ҰК» АК ОФ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыркы тапта күнүнө 5тен 8 миңге чейин автоунаа өтөт. Жүк ташуусуна келе турган болсок, 210-240 миң тонна жүк ташылат. Акыркы үлгүдөгү видео көзөмөлдөө системасы орнотулган. Ал көпүрөнүн кырдаалына мониторинг жасайт.

Ушундай шарттарда кылым долбоору өлкөнүн унаа каттамынын өнүгүшүнүн жаңы кезеңинин башталышы болду. Белгилей кетүүчү жагдай, Павлодар-Астана автобанынын курулушу да аягына чыгып калды. Андан ары жол өлкөнүн чыгыш дарбазасына чейин уланат.