Алматы Казакстандагы заманбап туризмдин борборуна айлануусу мүмкүн

Алматы Казакстандагы заманбап туризмдин борборуна айлануусу мүмкүн

Алматы Казакстандагы заманбап туризмдин борборуна айлануусу мүмкүн. Өлкөгө келген ар бир бешинчи конок бул шаарга сөзсүз келип кетет. Бул чет өлкөлүктөрдүн Алматыга болгон кызыгуусунун өскөндүгүнөн кабар берет. Шаардын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн жергиликтүү бийлик, туристтик операторлор жана коомдук уюмдар масштабдуу жумуштарды колго алып жатышат. Өткөн жылы бул жерде туристтик хаб ачылган.

АСЛАН КОҢЫРХАНОВ, АЛМАТЫ ШААРЫНЫН ТУРИЗМ ЖАНА ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Шаардын ар бир тургуну туристтик хабга келип, өзүнүн идея жана долбоорлору менен бөлүшө алат. Биз аларды тыкыр караштырып, ишке ашырабыз. Бул экологиялык туризм, башкача айтканда, биздин табиятыбыз. Алматы аймагында беш улуттук парк бар. Чөлдөгү Алтын-Эмелден баштап, Хан Теңири жетимиңдигине чейин көрө аласыз. Демек, Алматыга келген турист үч сааттык жолдогу чөлдү да, Көлсай көлүн да көрүп кете алат. Бул албетте туристтерди өзүнө тартат.

Алматынын туристтик тартымдуулугун арттыруу менен атайын түзүлгөн топ алектенет. Анын мүчөлөрүнүн айтымында, шаарга туристтик брендинг керек.

ДАНИЯР МУКИТАНОВ, «БИЗ-АЛМАТЫБЫЗ» ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Метронун кээ бир станцияларында шаардын эң көрүнүктүү жайлары чагылдырылган стенддер жайгаштырылат. Ал жөнөкөй жарнама болбойт. Биз өзүнүн өзгөчө тарыхы жана жеке окуясы бар жерлерди топтоштурабыз. Бул маалымат шаар конокторуна болушунча пайдалуу болот деп ойлойбуз.