Кожа Ахмет Яссауинин руханий мурасы

Кожа Ахмет Яссауинин руханий мурасы

Кожа Ахмет Яссауинин руханий мурасы азыркы күндө да өзөктүү. Анын эмгектери мусулман дүйнөсүндө абдан жогору бааланат. Бирок, Түрк элдери үчүн Кожа Ахмет Яссауинин орду башка, кадыр-баркы жогору. Яссауи таануучу окумуштуулардын айтымында, анын бир себеби – Азирет султан Ислам илими менен куран сөзүн Борбор Азияга эң биринчи түрк тилинде баяндаган. Ал заманда араб тилин көп адам билбегендиктен, анын өз тилиндеги айтуулары элге түшүнүктүү болгон.

МАРАТ ТУЯКБАЕВ, АРХЕОЛОГ-ТАРЫХЧЫ:

- Яссауинин шакирттери Түркестан, Отырар, Сайрам шаарларында болушкан. Жалпы ар кайсы шаарларда 50 шакирти болгон. Биз үчүн эң негизгиси – алар хикметтер аркылуу түрк тилин сактап калууга өз салымын кошушкан. Шакирттери жана жолун жолдоочулар анын таалимдерин бүткүл дүйнөгө жайылтышкан.

Белгилүү окумуштуу шари ят мыйзамдарын шакирттерине түрк тилинде окуткан. Миңдеген шакирти Азия, Европа, Индияга чейин барып, Яссауи илимин тараткан. Атактуу «Диуани хикмет» китебин да түрк тилинде жазган.

НУРБОЛАТ АХМЕТЖАНОВ, «АЗИРЕТ СУЛТАН» МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ КОРУК-МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- «Диуани хикмет» эмгегинде эмне жазылган? Ал – туура жол, туура жолго түшүү. Тазалык, жалпы өмүр сүрүүнүн эрежелери. Мына ушул дүйнөдөгү иш-аракеттериңе, башка дүйнөгө барганда суроо берилет. Ушул жана башка тууралуу жазылган деп айтар элем.

Адистердин айтымында, Яссаунин бизге жеткен хикметтеринин саны 100дөн ашат. Бирок окумуштуулар тарабынан 70 хикмети гана изилденген. Башкалары изилдөөнүүдө. Аларды шакирттери жазуусу да мүмкүн деген божомол бар. Ал эми бүгүнкү күндө Яссауи хикметтери орус, казак, түрк тилдерине которулган. Өлкө башчысынын «Улуу талаанын жети кыры» макаласында айтылган милдеттерге ылайык, латын ариби менен да быйыл басып чыгарылды. Былтыр Астанада Яссауи хикметтери биринчи жолу музыка аркылуу аткарылды. Быйыл ушул долбоорду бүткүл түрк элдерине көрсөтүү көздөлүп жатат.