Казакстандын Президенти жаштар жылын ачты

Казакстандын Президенти жаштар жылын ачты

2019-жыл Казакстанда Жаштар жылы деп жарыяланды. Бүгүн президент Нурсултан Назарбаев негизги окуяны баштап берди. Форум өлкөнүн булуң-бурчунан 500дөн ашуун адамды чогултту. Алардын катарында, «100 жаңы ысым» сынагынын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү, «Болашак» программасынын бүтүрүүчүлөрү, жаш окумуштуулар жана ишкерлер, аскер адамдары, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, спортчулар жана зээндүү жаштар бар. Ошондой эле аталган мааракеге ырчы Димаш Кудайберген, актриса Куралай Анарбекова, шахматчы Жансая Абдумалик жана башкалар катышты. Спикер катары ар түрдүү тармактарда ийгиликке жетишкен жаштардын арасынан чыккан жаркын жана чыгармачыл өкүлдөр сөз сүйлөштү. Белгилеп айтсак, ишкер Расул Абдуллаев, стартапчы Иван Креппак, ыктыярчы Айсулу Ерниязова, айыл чарба тармагынын өкүлү Тамила Розметова бар. Иш-чара алкагында Өлкө башчысы жаштарга кайрылды.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Азыр менин алдымда отурган Казакстандын өсүп келе жаткан мууну – Казакстандын эң чоң жетишкендиги, бул – Мамлекет башчысы катары менин жумушумдун эң мыкты натыйжасы. Бүгүн сиздер менен жолугуп жатканыма абдан кубанычтамын жана Сиздерди Жаштар жылынын башталышы менен куттуктайм. Бүгүнкү күндө жеке эле мамлекеттер ортосунда эмес, адам менен адамдын ортосунда атаандашуу жүрүп жатат. Бул жарышта илимди, билим берүүнү көтөрүп, көчтөн калбаган,  чыгармачыл мууну бар өлкө гана жеңип чыгат. Мен бул нерсени көрүп жатам. Силердин энергия, билим, мекенчилдиңерден Казакстандын келечеги көз каранды. Мен бул нерсени бардык казакстандык жаштарга айтам.