Kazakh TV: 5 тилде кабар таратуу

«Kazakh TV» - көп каналдуу кабар таратуу системасын биринчи болуп ишке кошкон ата мекендик жана Борбор Азиядагы жалгыз телеканал. Казак, орус, англис, кыргыз жана өзбек тилдериндеги кабарлар көрүүчүлөр үчүн күнү-түнү жеткиликтүү. Санариптик телеканалдын абоненттери керектүү тилди өздөрү тандай алышат. Бул үчүн пульттун жардамы менен үн жолун күүгө келтирүү жеткиликтүү. Ал үчүн “меню” баскычын басып, “аудио” бөлүмүнө кирип, беш тилдин бирин тандоо керек. Эскерте кетсек, «Kazakh TV» телеканалы дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинде кабар таратат. Бул катарга Түндүк жана Борбордук Америка, Батыш жана Чыгыш Европа, Австралия жана Океания, Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрү кирерин белгилей кетүү зарыл. Телеканалдын жалпы аудиториясы 300 миллион көрүүчүгө жетет.