Жаш окумуштуулар универсалдуу жер семирткич ойлоп чыгышты

Жаш окумуштуулар универсалдуу жер семирткич ойлоп чыгышты

Казакстандык жаш окумуштуулар жаңы универсал жер семиртич ойлоп табышты. Көкшетау мамлекеттик университетинин магистри Едил Айшөктин айтымында, аны арпа, буудай, майлуу өсүмдүктөргө жана да жашылчаларга колдоно берүүгө болот. Мисалы, окумуштуу аны картошкага сынап көргөн. Натыйжасы алгылыктуу. Изилдөө көрсөткөндөй, 1 гектарга себилген 100 киллограмм жаңы жер семирткичтин түшүмдүүлүгү 2 эсеге өсөт. Эми алдыдагы жылдарда аталган препарат башка да өсүмдүктөргө сыналат. Ал эми жер семирткичтин өзү өндүрүш калдыктарынан, башкача айтканда, көмүр менен резина дөңгөлүктөрдүн күлүнөн жасалган.

ЕДИЛ АЙШӨК, УНИВЕРСИТЕТТИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Бул долбоор атаандаштыкка туруктуу. Азыркы тапта бир нече чарбачылык менен келишим-шарттар түзүлдү. Башкача айтканда, жаңы жер семирткич жакында өндүрүшкө киргизилет. Келечекте ушул өнүмдү көп көлөмдө чыгара ала турган завод салуу керек.

АБИЛЖАН КУСАЙЫНОВ, ДОЛБООРДУН ИЛИМИЙ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Азыр жердин кунары кетип жатат. Зыянсыз жер семирткичтер болсо жеткиликсиз. Кымбат препараттарды чарбачылыктардын баары сатып ала албайт. Ал эми бул семирткичтин өздүк баасы өтө арзан болот. Чийки заттан таңсыктык жок.