Чет өлкөлүктөрдүн тандоосу Казакстандык клиникаларга түшүүдө

Чет өлкөлүктөрдүн тандоосу Казакстандык клиникаларга түшүүдө

Казакстанда медициналык туризм тармагы жигердүү өнүгүп келе жатат. Өткөн жылы гана эки миңден ашуун чет өлкөлүк бейтап Казакстандын ооруканаларында дарыланып, ден соолугун чыңдап кеткен. Жылына болжол менен 45ке жакын өлкөнүн өкүлдөрү дартына шыпаа издеп келишет. Көп бөлүгүн КМШ өлкөлөрүнүн жарандары түзөт. Негизинен Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын жашоочулары. Ошондой эле, казакстандык адистерге өз ден соолуктарын АКШ, Германия жана Нигериялыктар да ишенип тапшырышат.

ТАЛГАТ ПАЗЫЛБЕКОВ, УЛУТТУК НЕЙРОХИРУРГИЯ БОРБОРУНУН МЕДИЦИНАЛЫК МҮДҮРҮ:

- Көп жагдайда оорусу күчөп кеткен бейтаптар абдан оор операцияларды жасатуу үчүн келишет. Негизинен баш мээнин шишиги, кан тамырлар системасы менен омурткаларга жасала турган операциялар. Анткени алардын туруктуу мекенинде аларга комплекстүү түрдө заманбап медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Биздин клиникаларды тандоонун дагы бир көрсөткүчү биздеги кызмат сапаты менен баага да байланыштуу болуп жатат.

Негизинен медициналык туристтердин тандоосу өлкөдөгү кардиохирургия, нейрохирургия, трансплантология жана репродуктивдүү медициналык кызматтарга түшөт. Бул багытта Казакстанда JCI сапат талаптарына ылайык алты мекеме аккредитацияланганын белгилеп өтүү керек. Серепчилердин айтымында, өлкөнүн жалпы аймактык медициналык туризм борборуна айлануу мүмкүнчүлүгү жогору. Ал үчүн өлкөнүн медициналык кызмат мүмкүнчүлүктөрүн болушунча жайылтуу керек. Ушул багытта туроператорлордун жардамы тийет.

 ЖАЗИРА ЖАНКИНА, ТУРОПЕРАТОР:

- Бизде сыймыктана турган, көрсөткүчтөрү өтө жогорку клиникалар арбын. Алардын көбү эл аралык стандарттарга ылайык иш жасап келет. Көбү JCI аккредациясын алып, ири холдингдердин курамына кирип жатат. Мисалы, нейрохирургия борборун алып карасак, ал жерде импланттар жасалат. Бул КМШ өлкөлөрүндө альтернативасы жок, Казакстандын борборунда жайгашкан уникалдуу медициналык мекеме.

Чет өлкөлүк бейтаптарды өлкөгө тартуу үчүн ата мекендик дарылоо мекемелеринин сунушталган медициналык кызматтары тууралуу толук маалымат бере турган уникалдуу бирдиктүү онлайн-портал түзүлдү. Ошондой эле, медициналык туризм боюнча атайын колл-борбор иштейт.