Алматыда 15-Эл аралык Жаутиков олимпиадасы өттү

Алматыда 15-Эл аралык Жаутиков олимпиадасы өттү

Татаал эсептерди чыгарып, өз ара тил табышып, креативдүү ыкмаларды таба билүү. Алматыда дүйнөнүн 18 өлкөсүнүн билимдүү жаштары так илимде мыкты аталуу максатында ат салышты. Бул жерде математика, физика жана информатика сабактарынан 15-Эл аралык Жаутиков олимпиадасы өттү. Уюштуруучулардын айтымында, жыл сайын катышуучуларга берилген тапшырмалар татаалдашып жатат. Аларды чечүү үчүн адаттан тыш ой жүгүртүп, өзгөчө айла-амал таба билүү керек. Катышуучулар пайдалуу тажрыйба жыйнагандан сырткары, аны менен катар, Казакстандын абройлуу жогорку окуу жайларында билим алууга укук бере турган грантка ээ болушат.

АЛМАС КҮНГОЖИН, РФММ МҮДҮРҮ:

- Эл аралык Жаутиков олимпиадасы көптөгөн өлкөлөрдө жогору бааланат. Мисалы, Орусияда бирдиктүүү экзаменге кошумча балл кошулат. Өзбекстан, Тажикстан жана АКШда да бул сынакка көңүл бөлүнөт. Мисалы, 2018-жылы күмүш жана алтын жеңүүчү аталган Мыңбаева Аружан азыр Массачусетстеги Технологиялар институтунда билим алып жатат.

Интеллектуалдык олимпиаданын максаты – окуучулардын арасында физика-математика илимдерин жайылтуу, ар түрдүү мамлекеттердин мектептеринин ортосунда карым-катнаштарды орнотуу жана эл аралык ассоциацияга Казакстандагы билим деңгээлин тааныштыруу.