Казакстандык студент дарылоо куралдары бар спорттук борбор ачат

Казакстандык студент дарылоо куралдары бар спорттук борбор ачат

2019 – жаштардын демилгелери ишке аша турган жыл. Буга казакстандык студент Динара Наумованын демилгеси далил боло алат. Анын жетекчилиги менен алыста жайгашкан конуштарда дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекстери курулат. Объекттер айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын толук кандуу өмүр сүрүшүнө ылайыкташтырылып жасалат.

ДИНАРА НАУМОВА, СТУДЕНТ:

- Мамлекет алыстагы айылдар менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болушунча шарттарды түзүүгө басым берет. Жаштардын оюу да бир жерден чыгып жатат. Биз атайын дарылоо куралдары бар спорттук борбор ачууну чечтик. Мамлекеттин колдоосу менен алыстагы айылдарда толук кандуу өмүр сүрүүнү калыптандырууну көздөп жатабыз.

Бул «Startap bolashak – менин кыялым» жаштар бизнес-долбоорлорунун улуттук сынагынын жемиши. Ушул сыяктуу курч ойлуу, жигердүү жаштардын инвестициялык демилгилери колдоо таап жатат. Долбоордун аркасында бирөө тоок фабрикасын куруп, төл өнүмүн ата мекендик рынокко сунуштаса, башкасы тойкана бизнесин алдыга жылдырып жатат.

ЛАУРА ДЕМЕСИНОВА, «БОЛАШАК» АССОЦИАЦИЯСЫНЫН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- «Болашак» бизнес форумдарын конуштарда айыл жаштары үчүн уюштурууну көздөп жатабыз. Ошондой эле, билим жана илим министрлиги менен «Болашак стартап» бизнес-долбоорлор сынагынын 4-этабын өткөрөбүз. «Билим биздин өлкө үчүн» долбоору да уланып, келечектеги бүтүрүүчүлөр, студенттер жана окуучуларга дарстар окулуп, таанып-билүүчүлүк жолугушуулар уюштурулат.

Ошондуктан быйыл дагы бир нече жигердүү жаштардын демилгелери каржыланып, ишке ашырылат. Ал үчүн болгону өлкөнүн керегине жараган, коомчулуктун камын ойлогон бизнес долбоорлор керек.