Казакстандык окумуштуулар уникалдуу препарат ойлоп табышты

Казакстандык окумуштуулар уникалдуу препарат ойлоп табышты

Казакстанда жылкынын сүтүнүн негизинде инновациялык өндүрүш – дарыны иштеп чыгышты. Окумуштуулардын айтымында, анын колдонуу тармагы кенен. Аталган дары иммунитетти бекемдеп, микрофлордун тең салмактуулугун жакшыртып, тамак сиңирүүнү жеңилдет. Ошондой эле, ал семирип кетүү жана кант диабетинде колдонулат.

САМАТ КОЖАХМЕТОВ, БОРБОРДУН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Аны антибиотикотерапияда бузулган микрофлорлорду калыбына келтирүүдө, узакка созулган оорулардан кийин, сырткы чөйрөнүн жагымсыз таасирлеринен кийин колдонуу эффективдүү. Биз аталган багытта көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүздүк. Биздин Жапония, Кытай, Германия, АКШ сыяктуу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен да көптөгөн илимий долбоорлорубуз болгон. Азыр биз ушул флораны түзөөгө багытталган өнүмдөрдү иштеп чыга турган илимий деңгээлдебиз.

Метабиотикти Назарбаев Университетинин окумуштуулары иштеп чыгышты. Бардык изилдөө иштери жүргүзүлдү. Анын эффективдүүлүгүндө талаш жок. Аталган өндүрүштү каттоо гана калды.

САМАТ КОЖАХМЕТОВ, БОРБОРДУН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Пробиотик, пребиотик, метабиотик жана симбиотиктер бар. Метабиотик – бул метаболизм өнүмү. Ал кабыл алгандан кийин дароо иштей баштайт. Ал эми пробиотиктер – бул тирүү микроорганизмдер. Аларды кабыл алгандан кийин, 6-8 сааттан соң гана иштей баштайт. Бул чындыгында узак жараян. Метабиотик дароо иштей баштайт. Анын таасири да дароо билинет.

Окумуштуулар аталган өндүрүштү иштеп чыгуу үчүн 3 жыл тер төгүшкөн. 2019-жылдын аягына чейин аталган дары казакстандык дарыканаларда пайда болот деп убада беришүүдө.