Чет өлкөлүк студенттер казакстандык ЖОЖдорду тандашат

Чет өлкөлүк студенттер казакстандык ЖОЖдорду тандашат

Чет өлкөлүк студенттер казакстандык ЖОЖдорду тандашат. Өткөн жылы эле дүйнөнүн булуң-бурчунан Казакстанда окуу максатында 18 миңге жакын жаштар келген. Серепчилердин божомолу боюнча, жакынкы бир нече жылда алардын саны 50 миңге жетет. Бүгүнкү күндө келечектеги чет өлкөлүк дарыгерлер Семейдеги медициналык университетте билим алып жатышат. Алар негизинен Пакистан жана Индиянын жарандары. Бирок жыл сайын Монголия жана Кытай өлкөсүнүн жарандарынын кызыгуусу өсүүдө.

МОХАММАД РАФИК КАМАНУР, СТУДЕНТ:

- Бул жердеги аба ырайы мага жагат. Ошондой эле биз билим алып жаткан университет да эң сонун. Бул жердеги адамдар меймандос, бири-бирибизди түшүнөбүз. Алар бизге жардам берип турушат. Бул жерде мурда окуп кеткен пакистандык жана индиялык жаштар бул шаарды жана адамдарды макташкан. Университетте мыкты кесиптер бар. Бизге бардык сабактарды жеткиликтүү түшүндүрүп, иш жүзүндө көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, 20 жылдын ичинде Семейдеги медициналык университетке тапшырган чет өлкөлүк жарандардын саны 15 эсе өскөн. Биринчи жылдарда алардын саны 50гө да жетчү эмес. Чет өлкөлүк жарандардын ыңгайлуулугу үчүн дарстар англис тилинде өткөрүлөт.

БАКЫТГҮЛ ШАКИРОВА, ЧЕТ ӨЛКӨ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАНЫНЫН ОРУНА БАСАРЫ:

- Албетте чет өлкөлүк жарандарды туруктуулук өзүнө тартат. Биз тынч жана өнүгүп келе жаткан мамлекетпиз. Жаштар бул жерде сапаттуу билим алышат. Бул жагдайлардын баары  студенттердин санынын өсүшүнө алып келет. Биздин студенттер окуу жайын аяктап, ийгиликтүү дарыгер болгондон кийин ыраазычылыгын билдирип кетишет.

Белгилей кетсек, 20 жылдын ичинде Семейдеги медициналык университетин 500дөн ашуун чет өлкөлүк жаран бүтүргөн. Бул жылы эл аралык үлгүдөгү дипломду дагы 100 чет өлкөлүк студент алат.