Маңгыстау облусундагы бардык райондордо жаштарга арнап коворкинг борборун ачуу көздөлүүдө

Маңгыстау облусундагы бардык райондордо жаштарга арнап коворкинг борборун ачуу көздөлүүдө

Коворкинг борбору – өзүн-өзү уюштуруу объектиси. Кесип ээлеринин эркин ассоциациясы. Коворкинг борборунун негизги максаты – коомдук мааниси бар студенттик демилгелерди ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу аянт түзүү. Ушуга карай быйыл Маңгыстау облусундагы бардык райондордо жаштарга арнап коворкинг борборун ачуу көздөлүүдө. Аталган борборлордо англис тили акысыз окутулуп, жаштар дүйнөдөгү абройлуу профессорлордун лекцияларын онлайн угушат. Учурда мындай борбор Актауда гана иштеп келет.

ЖАНУЗАК ДҮЙСЕНБАЙ УУЛУ, Л.Н.ГУМИЛЁВ АТЫНДАГЫ ЕУУнун СТУДЕНТИ:

- Жаш болгондуктан убакытты пайдалуу өткөргүң келет. Ар түрдүү ойлор, идеялар келет. Аларды ишке ашыргың келет. Негизинен тынч жер издейсиң. Креативдүү жер болсо андан сонун болот. Ошондуктан ушул жерге байма-бай келип турам.

Бул борбор жаштардын жаңы идеяларын ишке ашырып, жаңы кесип баштоосуна да демилгечи болуп жатат. 25 жаштагы Нурбек Өтегенов ушул жерге кирип, 3 айдын ичинде замандаштарды чечендик өнөргө үйрөтө турган жаңы долбоорду иштеп чыккан. Студенттер менен жумушчу жаштардын арасында Магжан окуулары иш-чарасы өткөрүлдү.

НУРБЕК ӨТЕГЕНОВ, АКТАУ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Бул борбордо биз жаштар менен биргеликте көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдык. Анын ичинде акылга чабуул жасап, пикир талкуулоо аянттары ушул жерде түзүлдү.

Облус борборунда ийгиликтүү ишке ашкан борбор тажрыйбасын аймактын башка да райондорунда ишке ашыруу көздөлүүдө. Ал эми жалпы жаштар жылынын алкагында облуста быйыл 100 иш-чара өтөт.