Казакстандык ойлоп табуучулардын ноу хаусу

Казакстандык ойлоп табуучулардын ноу хаусу

Казакстан дүйнөдөгү ойлоп табуучу өлкөлөрдүн бири катары таанылып жатат. Эгемдүүлүк жылдардын ичинде жергиликтүү адистерге 30 миң патент берилди. Казакстандыктар бардык багыттар боюнча ноу-хау ойлоп табышууда. Инновациялардын авторлорунун катарында жаштардын саны  арбын. Илимий изилдөөлөрдө мектеп окуучулары да өз күчтөрүн сынашууда. Кызылордадагы Назарбаев Интеллектуалдык мектебинин 12-классынын окуучусу Алтынай Абдижамил да илимий жаңылыктын автору аталды. Анын идеясы жугуштуу ооруларга кабылуу көрсөткүчүн азайтууга себеп болот. Алтынай Арал жээгиндеги өсүмдүктөрдүн фитонциддик касиеттерин изилдеген. «Табигый антибиотиктердин» тизмесин түзгөн. Жылгын, тикендүү жемиштүү жийде, евфрат тереги алардын катарында. Алтынай жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн эл жыш отурукташкан конуштарда ушул өсүмдүктөрдү эгүү керек деген пикирде.

АЛТЫНАЙ АБДИЖИМИЛ, НИМ ОКУУЧУСУ, КЫЗЫЛОРДА:

- Биз бул өсүмдүктөрдү болушунча көп эгишибиз керек. Ушинтип жугуштуу оорулардын алдын алабыз. Айрыкча, мектеп, балдар мекемелеринин алдында көп болуусу керек. Ошондой эле шаардын айланасында жасалма жашыл кур жасоо оюу да бар. Жапайы өсүмдүктөр экономикалык жактан алганда абдан пайдалуу. Анткени алар өзгөчө көзөмөлдөөнү талап кылбайт.

ДАРИГА МУНАРБАЕВА, БИОЛОГИЯ САБАГЫНЫН СЕРЕПЧИ-МУГАЛИМИ:

- Эмгегибиздин натыйжасы кубантаарлык болду. Анткени гармаланын бактерияларды жоюу касиети бар. Бул фитонциддер тумоо, дем алуу жолдорунун оорусу, тез респиратордук-вирустук инфекциялар сыяктуу ооруларды басаңдатат. Менимче, көптөгөн өсүмдүктөрдүн мындай касиеттерин изилдөө биздин окумуштууларыбызга медициналык максатта да жардам боло алат. Ошондуктан ушундай идея сунуштап жатабыз. Ал эффективдүү ишке ашат деген ишеничтемин.

Назарбаев Университетинин магистранты Мирас Баймырза тест тапшырууга арналган жаңы платформанын негиздөөчүлөрүнүн бири. Платформа суроолорду автоматтык түрдө караштырып, тесттин канчалык деңгээлде сапаттуу экендигин аныктай алат. Сайтта Назарбаев интеллектуалдык мектебине окууга өтөм дегендерге арналган тапшырмалар бар.

МИРАС БАЙМЫРЗА, САЙТТЫН ТҮЗҮҮЧҮСҮ:

- Сынакты тапшыруучу тест тапшырып, упайын билгенден сырткары, толук талдоо жасай алат. Каталардын үстүндө иштөө да каралган. Биз сынактан өтүүчүгө сабактын кандай бөлүмдөрү боюнча билими мыкты, ал эми кайсы сабак боюнча дагы даярдык керектигин көрсөтөбүз.

Азыркы тапта сайттын кызматына миңден ашуун адам кайрылат. Ага негизинен Назарбаев интеллектуалдык мектебине өтүүгө арналган тесттер жүктөлгөн. Алдыдагы убакытта платформада Бирдиктүү улуттук тестирлөөнү тапшыруу да мүмкүн болот, дешет долбоордун авторлору.