Жаштар жылында жасала турган мыкты иштер

Жаштар жылында жасала турган мыкты иштер

2019-жыл – Жаштар жылы. Жаштар жылы Эгемендүү Казакстандын тарыхында биринчи жолу белгиленет. Салтанаттуу ачылыш аземи үчтүн айынын аягына пландалган. Кийин Президенттин тапшырмасына ылайык Өкмөт атайын жол картасын кабыл алуусу керек.

АСХАТ ОРАЛОВ, КР КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Биздин жаштар жана үй-бүлө иштер комитети тарабынан бардык  кызыктар болгон мамлекеттик мекемелер менен биргелешип, аймактагы акимчиликтердин сунушун эске алып, бейөкмөт уюмдардын пикирлерин угуп жол картасынын долбоорун даярдадык. Бул деген 100гө жакын так долбоор, иш-чара, өлкөбүздүн ар түрдүү багыттагы жаштарына мүмкүнчүлүк берген жалпы долбоорлор деп эсептөөгө болот.

Жол картасы азыркы жаштардын өзөктүү маселелерин чечүүгө багытталат. Ал албетте, сапаттуу билим алуу, жеткиликтүү турак жай маселеси жана да сапаттуу өмүр салтын жайылтуу.

АСХАТ ОРАЛОВ, КР КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Азыр аталган жаштар жылынын алкагында биз Болашак коомчулугу менен биргеликте PhD докторантура жана магистратурага кошумча гранттар бөлүнөт. Ай-Ти тармакка жана да азыркы рыноктун муктаждыгы боюнча так кошумча стипендиялар бөлүнөт.

Аны менен катар быйыл өз идеясын ишке ашыргысы келген миң маңгыстаулык жаштарга 1 миллион теңгеге чейин кайтарымсыз грант берилет. Масштабдуу долбоорду облус акимчилиги менен дүйнөлүк банк ишке ашырат. Ушундай шарттарда, жаштардын жеке ишин баштоого мүмкүнчүлүк жаралат. Ал эми алардын жогорку билим алуусу үчүн 175 бүтүрүүчүгө облус акиминин атайын гранты бөлүнөт. Студенттер үчүн Актауда 3 миң орунга арналган 3 жатакана салынат.

ДОСАН ЖЕТКИЗГЕН, ОБЛУСТУК ЖАШТАР РЕСУРСТУК БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- «Кеңеш аянты» деген долбоорубуз бар. Бул долбоордун максаты – жаштарга мамлекеттик программаларды түшүндүрүү. Турак-жай, жумуш менен камсыздоо, ишкерликти өнүктүрүү, акысыз кесиптик билим берүү бардык багыттагы негизги тармактардын адистерин алып, жаштар көп чогулган, эл көп жүргөн жерлерге барып, акысыз кеңеш берилет.

Азыр өлкөдө 4 миллионго жакын жаш бар. Бул – жалпы элдин 22 пайызы. Бүгүнкү күндө мамлекет жаштарды колдоо максатында ар түрдүү долбоорлорду колго алып, бир нече программаны ишке ашырууда. Өлкө башчысынын 5 коомдук демилгесинин алкагында билим алгысы келгендерге кошумча 20 миң грант бөлүндү.