Жаштар жылынын алкагында 100 иш-чара өтөт

Жаштар жылынын алкагында 100 иш-чара өтөт

Быйыл жайында Маңгыстау облусунда Каспий аймактык мамлекеттердин жаштарынын форуму өтөт. Эл аралык иш-чара Актау Саммитинин 1 жылдыгына карай уюштурулат. «Жаштар достугу – 2019» форумунда ар кайсы өлкөдөн 100гө жакын өкүл келип катышат деген мерчем бар. Алар жаш депутаттар, саясатчылар, окумуштуулар жана жаш спортчулар. Бул – Маңгыстауда Жаштар жылынын алкагында ишке ашырыла турган 100 долбоордун бири гана. Аймакта быйыл жаштар марафонун уюштуруу көздөлүп жатат. Ага Каспий аймактык өлкөрүнөн гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүнөн белгилүү инсандар чакырылат.

БАУЫРЖАН ТЯЯКОВ,  ОБЛУСТУК ЖАШТАР САЯСАТЫ МАСЕЛЕЛЕРИ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Мындай марафондор бүткүл дүйнөдө өткөрүлүп келет. Берлин марафону, Бостон, Лондон марафону. Бул марафондор аталган иш-чаралар өткөн шаарларды даңазалоого багытталган. Мисалы, азыркы тапта Астана жана Алматы шаарлары жигердүү. Ушул жылдын бугу айында Актауда ушундай марафонду өткөрүүнү көздөп жатабыз. Ал жыл сайын өтүп, салтка айланат деп ишенебиз.