Казакстанда биринчи жолу жасалган гибриддик операция ийгиликтүү өттү

Казакстанда биринчи жолу жасалган гибриддик операция ийгиликтүү өттү

Казакстанда биринчи жолу кары адамга жасалган гибриддик операция ийгиликтүү өттү. Кардиохирургдар 74 жаштагы карыянын жүрөгүнө эки операция жасашты.

Баштапкы кезде бейтаптын жүрөгүнө транс кооптуу ыкма менен жасалма клапан орнотулган. Ал эми, андан кийин кан айлануусуна жооптуу тамырлары калыбына келтирилди. Эскерте кетүүчү жагдай, эки операциянын ортосу үзүлгөн жок. Бул ыкманын гибриддик деп аталганы да ошондон.

РУСТАМ РАХИМОВ, ИНТЕРВЕНЦИАЛДЫК КАРДИОХИРУРГ:

- Операциянын бул түрү акыркы бир нече жылда дүйнөдө кеңири жайылууда. Башкача айтканда бул ыкма бир мүчөгө дароо бир нече операция жасоо. Бул бейтаптарга чоң жардам болот.

Мындай жасалган операциялардын бардыгы тасмага тартылды. Башкы максат жараянга сырттан карап, кемчиликтерин оңдоо. Мисалы, бул Юрий Дударевко жасалган операциядан үзүндү. Ошондой эле, бул монитордун дагы бир өзгөчөлүгү – аркы бөлмөдө болуп жаткан иш-аракеттерди онлайн режимде көзөмөлдөөгө болот. «Бул – бейтапты кайра-кайра кыйнабоо үчүн керек», - дешет адистер.

СЕРИК МЕҢДИКУЛОВ, КАРДИОХИРУРГ:

- Бейтапка ашыкча  операция жасоого болбойт. Ошондой эле, ал узак убакыт бою бул оору менен ооруган. Бирок биздин клиникабызда ушул эки жараянды бириктирип, бир убакытта операция жасай алдык. Казакстанда бул биринчи жолу өткөрүлдү. Жалпы, мындай  операция саналуу өлкөдө гана катталган. Ал эми, казак кардиохирургдары жасаган бул татаал операция жалпы тизмеде сигизинчи  деген маалымат бар.

Кардиохирургдар алдыдагы убакытта мындай операциялар муктаждарга көп жасалат деп үмүттөнүп жатат. Ал эми ак халатчандардын айтымында, азыркы тапта бейтап Юрий Дударевдун жагдайы туруктуу, ошентсе да, ал дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө дагы бир нече жума болот.

ЮРИЙ ДУДАРЕВ, АСТАНА ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Азыр өзүмдү жакшы сезип жатам. Жагдайым жаман эмес. Операция ийгиликтүү өткөнү менен, ага чыдоо мага оор болду. Алсырадым, салмак жоготтум. Бирок мени аман алып калган дарыгерлерге ыраазычылыгым чексиз.

Казакстанда, ошондой эле бүткүл дүйнөдө мындай операцияларга муктаждык абдан жогору. Эми адистер мындай гибриддик операциялар татаал ооруларды алдын алып, бейтаптардын өмүрүн узартарына ишенишет.