Алтын адамдын калдыктары кайра жерге көмүлөт

Алтын адамдын калдыктары кайра жерге көмүлөт

Алтын адамдын калдыктары  быйыл  жерге көмүлөт. Окумуштуулардын пикиринде бул келечекте аны изилдөөнү улантуу үчүн сактап калунунун  жалгыз жолу.  Сөөк атайын капсулага салынып, байыркы сак салттары менен жерге берүү каадалары жасалмакчы. Белгилей кетсек, көп убакыт бою калдыктар жоголуп кетти деп эсептелип келген.  Жакында эле аны Есик шаарынын Соттук экспертиза Институтунун архивинен табышкан.  Ал фото кагаз салынуучу кутуда болгон. Мында баалуу табылга сакталганын сыртындагы  колго жазылган  жазуу айгинелеп турат.

ЕРМЕК ДЖАСЫБАЕВ, ЗАМЕСТИТЕЛЬ ДИРЕКТОРА ЗАПОВЕДНИКА-МУЗЕЯ "ИССЫК":

- Сөөктөр абдан начар абалда сакталган. 50 жыл бою  ал  түрдүү бактериялардын таасиринде жаткан дагы заманбап  вирустар сөөккө кирип кеткен.  Баш сөөгү же тиши болгондо толук ДНК маалыматын алууга мүмкүн болоор эле.

Тилекке каршы сөөктүн баардык калдыгы сакталып калган эмес. Алтын Адамдын баш сөөгү дагы жок. Адистер калдыктардын ДНКсын дагы бир ирет кылдат изилдөө биздин тарыхыбыздын көптөгөн сырларын ачууга шарт түрзмөк деп эсептешет. Мындай изилдөөлөрдү даниялык генетик окумуштуулар жасоого даяр.

ДОСЫМ ЗИКИРИЯ, «ИССЫК» МУЗЕЙ-КОРУГУНУН ИЛИМИЙ КАТЧЫСЫ:

— Алтын адамды мифке айландырышып, символ катары эсептешет. Ошол эле учурда  ал тууралуу биз дээрлик эч нерсе билбейбиз. Болгону анын жаш курагы  менен  коомдо ээлеген орду гана белгилүү. ДНКнын жардамы менен биз жаш падыша чалдыккан ооруга чейинки баардык маалыматтарды алмакпыз. Мындан тышкары бул маалыматтар биздин тарыхыбыздагы көптөгөн маселелердин түйүнүн чечүүгө жардам бермек.

Казакстандык Тутанхомон аталган  20 -кылымдагы табылга бүтүндөй илимий дүйнөнүн кызыгуусун жаратып келет. Өткөн жүз жылдыкта Алтын Адамдын кийген кийими кызыгуу жаратса, 21-кылымда жаш жигиттин өзү изилдөөлөрдүн объектине айланган.