Казакстанда SТЕМ-билим берүү жигердүү өнүгүп жатат

Казакстанда SТЕМ-билим берүү жигердүү өнүгүп жатат

Казакстанда SТЕМ-билим берүү жигердүү өнүгүп жатат. Актаудагы мектептердин биринде балдар программалоого окуп жатат, физика, математика, информатика жана электроника сырларын билишет. Жакында Жасулан Боранбайдын илимий долбоору республикалык «Зерде» сынагынын шаардык баскычында экинчи орунду алды. Бешинчи класстын окуучусу суу жээктеринен жана деңизден таштандыларды жыйноочу робот түзгөн.  

ЖАСУЛАН БОРАНБАЙ, АКТАУ ШААРЫНДАГЫ № 29 ОРТО МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУСУ:

– Эки кыймылдаткыч желбирөөчтү айлантат. Мисалы, робот таштандыны байкады. Ал ошол тарапка жөнөйт, аны алат жана контейнерге жөнөтөт. Мындай робот адамдын ишин жеңилдетүүгө жардам берет. Эң башкысы айлана-чөйрөгө эч зыяны жок. Ал абдан пайдалуу.

Балдар катапульта траекториясын билишет, автоунаа жана кеме жасашат. Көпчүлүк балдар үчүн робототехника ийримдери жөн гана хобби эмес, ал келечекте 3Д модель түзүү үчүн биринчи кадам. Чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрдүн алкагы да таң калтырат. Назарбаев Интеллектуалдык мектебинин окуучусу Назира Кыдырбаева кол протезин иштеп чыккан. Ал үчүн активдүү көмүртек, фольга, плата жана пластик колдонгон.  

НАЗИРА КЫДЫРБАЕВА, АКТАУ ШААРЫНДАГЫ НАЗАРБАЕВ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУСУ:

- Билдиргич иштебеген колго тагылат жана качан адам мээсинде колду иштетүү тууралуу сигнал пайда болгондо ушул булчуңдар жыйрылат. Андан улам басым билдиргичи муну эске алат жана Ардуино платосуна белги берет. 

Адистер SТЕМ – лабораториялар балдардын шык-жөндөмүн ачууга жардам берет жана илимге кызыктырат деп ишенишет.