2019-жыл Казакстандагы жаштар жылы

2019-жыл Казакстандагы жаштар жылы

Казакстандын келечеги. 2019-жыл Мамлекет башчысынын жарлыгы менен өлкөнүн жаш муундарына арналды. Бүгүн жаштарды комплекстүү колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп калды. Илим менен билим берүүнү өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлүүдө, жеңилдиктер, субсидиялар жана башка мамлекеттик колдоолор каралган. Өз кезегинде жаштардан жигердүү жана натыйжалуу жооп, айкын демилгелер жана сунуштар күтүлүүдө. Ошондой эле, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана иш орундарын көбөйтүү зарылдыгы бар. Анын ичинде, айти-технология чөйрөсүндөгү илимий иштеп чыгууларды, жашыл экономика, айыл чарбасын жана робототехниканы өнүктүрүү керек. Айтсак, алардын эң келечектүү үлгүлөрү Астанада инновациялык долбоорлор сынагында көрсөтүлдү. 

ДАНИЯР СУНДЕТБАЕВ, «ЖАС ОТАН» ЖАШТАР КАНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- 2019-жылы - жаштар жылында көптөгөн жаштар демилгелери колдоого алынат, мисал катары, «NURINTECH» (нуринтэк) республикалык инновациялык долбоорун айтсак болот. Бүгүнкү күнү бизде 30 ашык катышуучу финалга өттү, эң мыкты долбоорлор тандалды, жалпы байге фонду 5 миллион теңгени түзөт. Биздин долбоорлор андан ары ишканаларга жиберилет, коммерциялаштырылат. Башкача айтканда, мурдагы жылдар мында биздин жакшы тажрыйбабыз бардыгын көрсөттү жана биз бул долбоорлор ишке киргизилишин каалайт элек.

Бүгүнкү бул хай-тэк авторлору – өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы жөнөкөй окуучулар, студенттер жана жаш илим докторлору. Алар келечекте эмгектери технология жана робототехника дүйнөсүндө талашсыз сенсация жараткан дүйнөгө белгилүү окумуштуулар болоорунан сынактын уюштуруучулары шек санабайт. Мисалы, борбордук мектептердин биринин бүтүрүүчүсү Алихан Рахметов сынакка көзү азис жана көрүүсү начар адамдар үчүн өзгөчө сенсордук таяк алып келген. Ал мындайды дүйнөдө эч ким ойлоп таба элек дейт.      

АЛИХАН РАХМЕТОВ, СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Ичке таяк эки бөлүктөн турат, бул анын корпусу жана роботтошкон комплекс. Корпус ушундай бөлүктөрдөн турат, анын учунда киши таякты көтөрбөй түртүп жүрүү үчүн кичинекей дөңгөлөк бар. Анын жардамы менен киши абдан төмөн турган бордюр жана тепкичтер сыяктуу тоскоолдуктарды көрөт, ал кишинин боюна ылайык жөнгө салынат. Ошондой эле, мында аны жандырып өчүргөн баскычы бар.

Бул инновациялык долбоор жаш новаторго жеңиш алып келеби же жокпу азырынча белгисиз. Жаштар мелдешинин жыйынтыгы кийин билинет. Бирок ага катышуучулардын көптүгү өлкө болочогу таланттуу жана келечектүү казакстандык жаштардын колунда экенин дагы бир жолу тастыктап көрсөтөт.