Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык

Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык

Казакстан чет мамлекеттер менен көп тараптуу байланышты кеңейтүүдө. Адистер илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташууну келечектүү багыттардын бири катары санашат. Айтсак, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети Азербайжан Улуттук илимдер академиясы менен меморандум түзгөн. Ага ылайык, эми эки мамлекеттин окумуштуулары изилдөө борборлорун чогуу пайдаланып, биргелешкен конференцияларды уюштуруп, гранттык долбоорлорго катыша алышат. 

ГАЛИМКАИР МУТАНОВ, АЛЬ-ФАРАБИ АТЫНДАГЫ КАЗНУ РЕКТОРУ:

- Биздин университеттин базасында азербайжан тарых жана маданият борборун ачтык. Азербайжан демократиялык республикасынын 100 жылдыгына, Гейдар Алиевдин 95-жылдыгына жана Гусейн Джавиддин 135 жылдыгынын урматына конференция өткөрдүк. Ошондо бизде өз ара маданий байланыштарды колдоо идеясы жаралган.

Казакстан Польша менен дагы маданий жана илимий алканы чыңдап жатат. Бул өлкөдө кызматташтык алкагында миңден ашык казакстандыктар билим алууда. Адам капиталына инвестиция жумшоо – бул келечекке инвестиция салуу. Польша сенатору Роберт Довхан Казакстандын билим берүү чөйрөсүндөгү мындай саясатын жогору баалайт.

Роберт Довхан,  Польша Парламентинин Сенатынын депутаты:

– Казакстан билим берүүгө чоң басым коюп жатат. Улам көп студенттер Польшада жана башка Европа өлкөлөрүндө билим алууда. Алар өз билимин Казакстанга алып келет. Келечек жаңы технологиялар менен инновацияларда. Бул тууралуу сиздердин Президент көп жолу айткан жана жазган. 27 жылда Казакстан абдан өзгөргөнү көрүнүп турат жана көз карандысыздыкка жетишүү абдан маанилүү болгон. Казакстан – бул ийгиликтүү экономикалык жана социалдык саясаттын үлгүсү.

Талдоочулар белгилегендей, ааламдашуу доорунда өлкөнүн атаандаштыкка туруктуулугу жана андан ары өнүгүшү жогорку квалификациялуу адистер менен камсыздай алат. Ошондуктан Казакстан ишенимдүү багытта бара жатат, ал билим берүү жана илимий чөйрөгө артыкчылыктуу көңүл бурууда.