Францияда Казакстандын үчүнчү ардактуу консулдугу ачылды

Францияда Казакстандын үчүнчү ардактуу консулдугу ачылды

Францияда Казакстандын үчүнчү ардактуу консулдугу ачылды. Өкүлчүлүк Ренн шаарына жайгашты. Саясий ишмерлер, дипломаттар жана ишкерлер белгилегендей, ардактуу консулдуктун ишмердүүлүгү эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык алаканы кеңейтүүгө түрткү берет.

ЖАНАР АВАР-ТУРЕБАЕВА, РЕНН ШААРЫНДАГЫ КР АРДАКТУУ КОНСУЛУ:

– Консулдуктун ачылышы бизге Казакстан менен өзгөчө экономикалык жаатта иштешүү мүмкүнчүлүгүн берет жана Казакстандын башка шаарлары менен университеттик алакаларды кеңейте алабыз деген ойдомун. 

Иш-чаранын жүрүшүндө казакстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Көркөм өнөр чеберлеринин сүрөттөрү конокторго Казакстан, казак элинин маданияты жана каада-салты тууралуу көрсөтмөлүү маалымат алууга мүмкүндүк берди. Айтсак, Ренндин тургуну Анни Шарбоннелдин казак өлкөсүнө карата сүйүүсү ушундай көргөзмөлөрдүн биринен башталган.

АННИ ШАРБОННЕЛЬ, РЕНН-АЛМАТЫ БИР ТУУГАН ШААРЛАР КОМИТЕТИНИН МҮЧӨСҮ:

– Мен 91-жылдагы Казакстанга биринчи сапарым менен бүгүнкү Казакстандын ортосундагы чоң айырманы көрдүм. Сиздердин өлкө ушул жылдары жакшы жагынан өнүгүп-өскөнү өзгөчө жетишкендик. Анан биздин регион дагы жакшы өнүгүп бара жатат.

Ренн – Алматынын бир тууган шаары. Бул бакча казакстандык мегаполистин урматына аталган. Абайдын бюсту дагы бир тууган шаарлар комитетинин мүчөлөрүнүн демилгеси менен орнотулган. Ал бакчага баруу жана эстеликке гүл коюу, консулдукту ачуу аземинин милдеттүү бөлүгү болуп калды.

Бретань - эң алгач өнүккөн айыл чарбасы жана санариптик технологиясы менен белгилүү жана Реннде консулдуктун ачылышы – топтолгон тажрыйба менен алмашуунун жаңы мүмкүнчүлүгү болуп саналат.