Билим жаатындагы кызматташтык

Билим жаатындагы кызматташтык

Билим тармагындагы туризм. Казакстандын бул багытты өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүгү жетиштүү дешет серепчилер. Өлкөнүн жогорку окуу жайларын көбүнчө КМШ жаштары тандашат. Алыстан келип билим алган студенттер да жок эмес. Бүгүнкү күндө Казакстан Түркия, Венгрия, Франция, Италия, Орусия, Индия менен билим жаатында натыйжалуу кызматташтыкты жөнгө салган. Жакында Көкшетауга медицинадагы бакалавр адистеги боюнча Индиядан жаштар окууга келишти. Алар Казакстанда беш жыл билим алган соң эки жыл интернатураны өз өлкөлөрүндө өтөт. Окуу акысы менен чыгашалардын бардыгын Индия тарап көтөрөт. Жалпы Көкшетау университетинде азыр 27 индиялыктан башка да коңшу өлкөлөрдөн келген дагы 7 студент билим алып жатат. Келечекте алардын катары дагы калыңдайт.

ТАНВИР КХАН, СТУДЕНТ:

- Мага бул жерде баары жакты. Шаар да, окуу жай да, мугалимдер да жакшы. Азырынча эч кандай кыйынчылыктарга туш болгон жокпуз. Окууну аяктагандан кийин Индияга  барып дасыккан дарыгер аталгым келет.

СВЕТЛАНА МУРАТБЕКОВА, МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАНЫ:

- Ушул бештин айынын аягында дагы студенттер келишет. Ошондо ушул окуу жылында болжол менен 50-70 чакты бала ушул жерде окуйт. Кийинки жылы дагы чет өлкөдөн 70-100 жакын жаштар келет. Аталган балдарга сабакты англис тилинде бере турган мугалимдер жетиштүү.