G-Global долбоору менен Улуу Жибек жолун өнүктүрүү борбору

G-Global долбоору менен Улуу Жибек жолун өнүктүрүү борбору

Туруктуу өнүктүрүү маселелери, экологиялык кырсыктарга туруштук берүү, экономикалык теңсиздикти азайтуу жана өмүр сүрүү сапатын көтөрүү. G-global долбоорлору менен Улуу Жибек жолун өнүктүрүү боюнча борбор заманбап дүйнөлүк маселелерди чечүүнүн инновациялык, комлекстик ыкмаларын даярдайт. Борбор Астанадагы Евразия улуттук университетинин алдында ачылып жатат. Ал өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышты бекемдеп, G-Global долбоорлорун өнүктүрүүнүн жаңы инновациялык усулдарын да түзөт.

СЕРИК НҮГЕРБЕКОВ, G-GLOBAL ЭЛ АРАЛЫК КАТЧЫЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Азыркы тапта G-Global Өлкө башчысынын дүйнөлүк коомчулук тарабынан колдоого ээ болгон эл аралык долбоорлорун бириктирет. «Атом» долбоору, Азиядагы өз ара иш аракети жана ишеним чаралары кеңеши, дүйнөлүк диндер съезди, «Жашыл көпүрө» өнөктөштүк программасы, Ислам кызматташтык уюму, Астана экономикалык форуму алардын катарында. Акыркы колго алынган долбоор – «Улуу Жибек жолу». Азыркы тапта биз аны жигердүү түрдө жүргүзүп жатабыз.