Нью-Йоркто «Ааламдагы заманбап казакстандык маданият» аттуу форум өттү

Нью-Йоркто «Ааламдагы заманбап казакстандык маданият» аттуу форум өттү

«Ааламдагы заманбап казакстандык маданият». Нью-Йоркто ушундай аталыш менен эл аралык форум өттү. Эрнест Хемингуэй, Теодор Драйзер менен Марк Твендин чыгармачылыгы менен жакшы тааныш казак делегациясы Улуу талаанын уникалдуу маданиятын Америка журтчулугуна тааныштырды. Руханий баалуулуктарды даңазалоо, коомдук акыл-эсти жаңыртуу маселеси жыйында талкууланды.

ШӨМИШБАЙ САРИЕВ, АКЫН,  КР ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Биз көз карандысыз өлкө катары таанылдык. Башка дүйнөгө дале табышмак элбиз. Аны тереңдетип, биздин улуу тарыхыбыздын тереңге кеткени, улуу өлкө болгонубузду, ушул акын-жазуучулар, өнөр ишмерлери, окумуштуулар жеткиришибиз керек.

ОҢАЙГҮЛ ТУРЖАН, АКЫН:

- Ушундай форумда маалымат чогултуп кетүү эле эмес. Казак адабиятын, казактын руханий дүйнөсүн таанытуунун кандай жолдору бар? Биз дал ушуну көрсөтүшүбүз керек.

Бул - Астананын 20 жылдыгынын алкагында уюштурулган төртүнчү форум. Маданий жолугушуу ушуга чейин Сеул, Лондон, Берлин сыяктуу дүйнөнүн ири борборлорунда өткөн. Нью-Йорктогу жолугушууга келгендер фото көргөзмөнү көрүп, казак жазуучуларынын жаңы эмгектери менен таанышышты.

ЛЕОНИД ГОЛДИН, ПРОФЕССОР, АКШ ПУБЛИЦИСТИ:

- Казакстан бизди таң калтырып келет. Бул өзүнчө керемет иш-чара болду. Чыныгы достук жолугушуусу деп ушуну айтса болот. Буга чейин да Казакстан дүйнөгө үлгү боло тургандай кырдаалга жеткенин уккам. Биримдиги жарашкан жүздөн ашуун улут менен этностон түзүлгөн өлкөнүн тынчтык саясатын айтпай кетүүгө болбойт. Форумда филология профессорунун латын арибине өтүү тууралуу баяндамасын өзгөчө көңүл бөлүп уктук.

РАВИ БАТРА,  АКШнын  КООМДУК ИШМЕРИ:

- Казакстандык маданият Казак эли үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө коомчулугу үчүн улуу маданияттардын бири деп эсептейм. Себеби, ал дүйнөлүк маданияттардын ажырагыс бөлүгү.

НУРТӨРЕ ЖҮСИП, «АЙКЫН» ГЕЗИТИНИН БАШКЫ РЕДАКТОРУ:

- Адабият, өнөр, маданият – эл менен элди жакындата турган, дүйнөдөгү 8 миллиард элди бири-бирин түшүнүүгө, достукка баштай турган, куралсыз өмүр сүрүүгө жол ача турган мүмкүнчүлүк ааламы.

Жалпы максаттар ар түрдүү маданияттарды, континенттерди, тилдерди жана каада-салттарды бириктирет, дешет жолугушуунун катышуучулары.