Казакстандын жашыл экономикага өтүү маселелерине арналган конференция

Казакстандын жашыл экономикага өтүү маселелерине арналган конференция

Энергосыйымдуулукту жана атмосферага зыяндуу чыгындыларды төмөндөтүү, калдыктарды кайра иштетүү жана сууну тазартуу. Астанада Казакстандын жашыл экономикага өтүү маселелерине арналган эл аралык конференция өттү. Жолугушуунун катышуучулары өнөр жай ишканаларына эң мыкты жеткиликтүү технологияларды киргизүүнүн өзөктүүлүгүн белгилеп көрсөтүштү.

ВЛАДИМИР МАРЬЕВ, «ЭКОЛОГИЯЛЫК САЯСАТ БОРБОРУНУН» МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Эң мыкты жеткиликтүү технологиялардын, анын ичинде кайра жанма энергия булактарынын мааниси жогору. Бул ишканадагы жараяндарды башкарууга жаңыча көз караш, ошондой эле, өнөр жайда экологиялык талаптардын милдети сакталуусуна комплекстүү түрдө келүү ыкмасы десек да болот. Биз азыркы тапта Казакстанда экологиялык чечимдер комплексин даярдоо, мыкты жана жеткиликтүү технологияларга өтүү аракеттери жасалып жатканына күбө болуп жатабыз.

 «Жашыл» долбоорлорду киргизүү жана тармактагы мыкты тажрыйбаны ийгиликтүү колдонууда Казакстан коңшу өлкөлөрдүн мыкты тажрыйбаларын алат. Белгилеп айтканда, республика Орусиядагы экологиялык саясат борбору менен кызматташууга кызыктар.

ВЛАДИМИР МАРЬЕВ, «ЭКОЛОГИЯЛЫК САЯСАТ БОРБОРУНУН» МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ / ОФ:

- Ушундай кызматташтык бизге өнөр жайды эң мыкты жеткиликтүү технологияларга өткөрүүдөгү иш-аракетти айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы тапта Европа өлкөлөрү, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери сызыктык экономикадан алыстап жатат. Сызыктык экономика деген эмне? Ал өнүмдү өндүрүп, пайдаланып, таштандыга таштоого негизделген. Ал эми, азыр алар циркулярлык экономикага көңүл бөлүп жатат, башкача айтканда, калдыктар чийки зат катары пайдаланылат. Ушинтип, таштанды полигондору азаят, адамдардын өмүр сүрүү абалы жакшырат, ишканалардын иштөө эффективдүүлүгү өсөт. Мыкты жеткиликтүү технологиялар дегенибиз ошол.

Азыр Казакстанда кайра жанма энергия булактарынын үлүшү өлкө аймагында өндүрүлө турган энергиянын жалпы көлөмүнүн бир пайызга жакынын түзөт. Ошентсе да, 2020-жылы бул көрсөткүчтү үч пайызга жеткирүү көздөлүп жатат. Өлкө кайра жанма энергия жана «жашыл» технологиялар тармагындагы европалык лидерлер менен кызматташып олтуруп, чет өлкөдөн инвестор тартууга басымдуулук берүүдө.

СТЕНБЕК МАДСЕН,  ЕБ КАЗАКСТАНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Евробиримдик Казакстан менен энергоэффективдүү жана суу үнөмдөгүч технологиялар тармагында тыгыз кызматташтык орноткон. БУУнун Өнүгүү программасы силердин өлкөдө «жашыл» экономика моделине өтүү боюнча 4 долбоорду ишке кошту. Мисалы, бир мектепте сууну пайдалануунун пайдалуу технологиясы киргизилип, күн батареялары, фотосенсордук крандар жана күнөскана үчүн суу чогултуунун атайын системасы орнотулду. Ал эми, Актөбеде дамбаларга суу агымын жол-жоболоштура турган атайын сенсорлор, суу селинин коркунучун алдын ала аныктай турган курал орнотулду. Бул Евробиримдик каржылаган долбоорлордун мисалдары жана алар мыкты технологияларды киргизүүгө, таратууга багытталган.

Серепчилердин пикиринде, Казакстанда жеткиликтүү технологиялар эрежелерине өтүү жараянына 10 жыл убакыт кетет. Биринчи кезекте, өтө ийгиликтүү «жашыл» тажрыйбаны экспорттук мүмкүнчүлүгү бар товарлар менен өнүмдөрдүн өндүрүшүнө киргизүү көздөлгөн.